Экс-депутат эки миллион сом турган саат тагынып сүрөткө түштү
RU

Экс-депутат эки миллион сом турган саат тагынып сүрөткө түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактын кыргызстандык сегментинде экс-депутат жана мурунку бажы кызматкери Таалайбек Масабировдун 21 700 евро турган саатты тагынып түшкөн сүрөтү тарап кеткен.

Сүрөттү шайлоого аттанган партия жарыялаган. Анда талапкер Hublot фирмасынын Big Bang коллекциясындагы саатты тагынып турат. Мындай сааттын интернет дүкөндөрдөгү орто баасы 21 700 евро - бул бүгүнкү курс боюнча 2 076 140 сом болот.

Таалайбек Масабиров - Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын экс-депутаты. Ал 1998-жылдан тартып 2015-жылга чейин Кыргызстандын бажы органдарында иштеген. Биографиясын карап көрсөк, акыркы 30 жылдан бери жалаң мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Эки миллион сом турган саатты кантип сатып алган, белгисиз.

Kaktus.media редакциясы бул боюнча Таалайбек Масабировдун пикирин угууга даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4420