Митинг, өрттөө, ок атуу. Европада ковиддик чектөөлөргө кантип каршы чыгып жатышат (сүрөт)
RU

Митинг, өрттөө, ок атуу. Европада ковиддик чектөөлөргө кантип каршы чыгып жатышат (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы күндөрү Европанын бир катар борборлорунда он миңдеген адамдар өкмөт киргизген жаңы антивирус чектөөлөрүнө каршы нааразылык билдирип, көчөгө чыгышууда. Би-Би-Си орус кызматы билдиргендей, айрым шаарларда полиция менен кагылышуулар болгон.

Жекшемби күнү Брюсселде антивирустук чараларга каршы эң көп нааразылык акцияларынын бири болуп өттү. Полиция демонстранттардын санын 35 миң киши деп эсептеди. Митингчилер факелдерди ыргытып, ал эми полиция көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтар менен жооп берген.

Демонстранттар биринчи кезекте COVID паспортторун жокко чыгарууну талап кылышкан. Бул паспорт менен коомдук жайларга кирүүгө уруксат алышат.

Бельгиянын өкмөтү беткап кийүү эрежелерин да катаалдаштырууну каалаган.

Кошумчалай кетсек, жаңы эрежелерге ылайык, бельгиялыктардын көбү декабрь айынын ортосуна чейин жумасына төрт күн үйдөн иштешет. Ошондой эле өкмөт бардык медицина кызматкерлерин эмдөөгө милдеттендиргиси келет.

Европадагы улуттук өкмөттөр инфекциялардын көбөйүшү менен күрөшүп жатышканын билдирген. Көп өлкөлөр буга нааразылыгын билдирүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европа континентинде илдетке чалдыккандардын саны тездик менен өсүп жатканына тынчсызданууда.

Аталган уюмдун Европа боюнча аймактык директору доктор Ханс Клюге Би-Би-Сиге билдиргендей, эгерде Европада антивирустук чаралар күчөтүлбөсө, эксперттердин болжолу менен жарым миллионго жакын адам өлүмгө дуушар болот.

"COVID-19 дагы бир жолу биздин аймакта өлүмдүн негизги себеби болуп калды" деди ал.

Гаагада өзгөчө кырдаал жарыяланып, полиция демонстранттарды ит жана союл менен кууп таркатты.

Гаага полициясы кагылышууда беш коопсуздук кызматкери жаракат алганын билдирген. Бирөөсү тизесинен жаракат алып, тез жардам кызматы алып кеткен.

Ишембиге караган түнү Роттердамда да нааразылык акциялары жана кагылышуулар болуп, аны шаардын мэри Ахмед Абуталеб күч алган зордук-зомбулук деп атады. Жети адам жараат алды, алардын арасында полиция кызматкерлери да бар. Дагы 20 адам кармалган.

Кеминде үч демонстрант октон жараат алып, ооруканага жаткырылган. Милиция ички иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Хорватияда ишемби күнү бир нече миң адам улгайган жумушчулардын милдеттүү эмдөөсүнө каршылык билдирип, Загребдин көчөлөрүнө митингге чыгышкан.

Венанын тургундары өкмөттүн дүйшөмбүдөн баштап жаңы улуттук блокаданы жарыялагандан кийин жана 2022-жылдын февраль айынан баштап эмдөөлөрдү милдеттүү кылууну пландагандан кийин митингге чыгышкан.

Эгер бул планы ишке ашса, Австрия жарандарын эмдөөгө мыйзамдуу түрдө мандат берген биринчи өлкө болуп калат.

Митингчилер мамлекеттик желектерди желбиретип, "эркиндикти" талап кылып, каршылык көрсөтүүгө чакырышкан.

Кариб деңизиндеги Гваделупа аралында, Франциянын чет жактагы аймактарында, COVID паспортторуна каршы нааразылык акциялары дагы эле уланууда. Өткөн түнү аралдагы бир нече дүкөндөрдү тоноп же өрттөп салышкан.

Франциянын ички иштер министри Жеральд Дхармаденанын айтымында, баш аламандыктын айрым катышуучулары чыныгы ок колдонушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4421