9 жаштагы Сумаяны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчылар тартылды
RU

9 жаштагы Сумаяны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчылар тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

18-ноябрь күнү, саат 12:40та мектепке жөнөп кеткен Сумая кайра үйго кайтып келген жок. Анын кайда экендиги азыркы учурга чейин белгисиз. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

9 жашар Сумаяны издөөгө милиция менен биргеликте 100дөн ашуун жергиликтүү тургундар да киришкен. Алар Сумая тууралуу маалымат берилен. Ыктыярчылар айылдарды аралап, телефон аркылуу изделип жаткан кыздын сүрөтүн элге көрсөтүп сурамжылп жатышат. Андан тышкары талаалар, сайдын бойлору да текшерүүгө алынды. Азырынча майнап чыга элек.

Ошого бйланыштуу туугандары жана милиция аны табууда коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 120-130 см, өңү кара тору, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, үстүндө ак көйнөк, боз түстөгү джемпер, көк түстөгү куртка, кызгыл түстөгү бут кийим болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Хосилжанова Сумая Уткирбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: 102, (03722) 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4434