Ушинтсе да болот беле? Жанар Акаев добуш сатып алуунун жаңы ыкмасын айтып берди
RU

Ушинтсе да болот беле? Жанар Акаев добуш сатып алуунун жаңы ыкмасын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде элдин добушун сатып алуунун жаңы ыкмасы пайда болду. Бул тууралуу "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаев КТРКда өткөн теледебат учурунда айтып берди.

Талапкер белгилегендей, бул шайлоодо мурункудай административдик ресурс колдонулган жок. Бирок добуштарды сатып алуу али жоюла элек.

"Жакшыны жакшы деш керек. Мына ушул шайлоо башка шайлоодон айырмаланып жатат. Чын эле мэрлер, акимдер, губернаторлор бийликтин конкреттүү партиясына иштеген жок. Президенттин эрки күчтүү болду. Мен сизге бир кызык окуя айтып берейин: Кайсы шаар экенин айтпай эле коеюн. Айрым кандидаттар камоктор, дүкөндөр менен иштешип атыптыр. Ымдашып. Шайлоочу кирет экен, дүкөнчү сүрөттү көрсөтөт экен, ушуну шайласыңбы деп, макул, деп ымдашкандан кийин, каалаган нерсесин 2 миңге сомго алат экен. Кыргыздар ушинтип дагы бир жолун таап атат", деп Акаев айтып берди.

Алып баруучу кайсы шаарда мындай окуя болгонун тактап сурап, аталган фактыны текшерип жоопкерчиликке тартуу керектигин билдирди.

Акаев бул фактыга видео далил болгондон кийин кайсы жерде болгонун айтаарын, азырынча сөз менен гана айтылган маалымат экенин маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4437