Мамлекеттик тил боюнча жаңы мыйзам. Кимдер аны билүүгө милдеттүү?
RU

Мамлекеттик тил боюнча жаңы мыйзам. Кимдер аны билүүгө милдеттүү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-ноябрда "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамынын жаны редакциясы боюнча угуулар жыйынтыкталды. Жаңы редакцияны өкмөт демилге көтөрүп чыкты, ал эми Ммлекеттик тил боюнча улуттук комиссия аны иштеп чыкты. Белгилей кетчу жагдай, жаңы редакция кеңири талкууга салынган эмес.

"Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзамдын жаңы редакциясы негизги максаты төмөнкүдөй (Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сөзүн өзгөртүүсүз келтиребиз):

Кыргыз тили – эгемен Кыргыз Республикасын түзгөн титулдук калктын тили жана эң көрүнүктүү маданий дөөлөттөр жаралган байыркы тилдердин бири. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары статусунун Конституцияда атайын көрсөтүлүшү жана мамлекеттик тил катары мамлекеттик жана коомдук турмуштун баардык тармактарында кеңири жана толук түрдө колдонуу тартиби конституциялык ушул Мыйзам долбоору аркылуу аныкталышы кыргыз элинин иденттүүлүгүн сактоого жана улуттук маданиятын өнүктүрүүгө, тил саясатын тиешелүү деңгээлде өркүндөтүүгө негиз түзөт.

Белгилей кетчү жагдай, жаңы редакция учурдагы "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдан кескин айырмаланат. Учурдагы версиясында 1,9 миң сөз болсо, жаңы редакциясында 4,2 миң сөз камтылган.

Kaktus.kg'нин редакциясы "Мамлекеттик тил жөнүндө" жаңы мыйзамындагы олуттуу өззгөрүүлөрдүн тизмектейт. Толук тексти менен бул жерден тааныша аласыз.

№1. Эч кандай кепилдик жок

Жаңы редакцияда Кыргыз Республиксы бардык этносторго өз тилин сактап калуу укугуна кепилдик бербейт. Ошондой эле "Мамлекеттик же расмий тилди билбеген жарандардын укугу жана эркиндигинин бузулушуна жол берилбейт" деген фраза алынып салынган.

Учурдагы редакциясы: "Кыргызстандын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасы эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү шарттарын түзүү укугуна кепилдик берет".

Жаңы редакциясы: "Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында жашаган баардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин өнүктүрүү принцибин карманат. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны эне тилин пайдаланууга, баарлашуу, тарбиялоо, окутуу жана чыгармачылык иштерин аткаруу тилин эркин тандап алуу укугуна ээ".

№2. Филологдордун ордуна Жогорку Кеңеш

Мыйзамдын жаңы редакциясында орфоэпия (адабий тилинде үлгүлүү сүйлөө) жана орфография эрежелерин мындан ары парламент бекитет.

Жаңы редакциясы: Мамлекеттик тил колдонулган баардык чөйрөлөрдө кыргыз адабий тилинин орфоэпиялык, орфографиялык, стилдик, грамматикалык ченемдери сакталат.

Кыргыз адабий тилинин алфавити жана орфоэпия, орфография эрежелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.

№3. Чоң шрифт менен жазыш керек

Мыйзмдын жаңы редакциясында жазууларды жайгаштыруу тартиби так бегиленген.

Жаңы редакциясы: "Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын расмий аталыштары мөөрлөргө, штамптарга, штемпелдерге, расмий бланктарга жана көрнөктөргө мамлекеттик тилде жазылат жана расмий же башка тилдерде коштолуп берилет. Аталыштарды жазууда жана тариздөөдө мамлекеттик тилдеги текст сол жагына же жогору жагына жазылат. Башка тилдеги жазылган тексттин шрифтинин өлчөмү мамлекеттик тилдегиден чоң болбошу керек".

№4. Мамлекеттик тилде көбүрөөк программаларды даярдоо

Жаңы редакциясында бардык теле жана радиоберүүлөр 70%дан кем болбоого тийиш деп жазылган. Андан тышкары мамлекеттик эмес тилде даярдалган контент кыргыз тилинде коштолушу шарт.

Учурдагы редакциясы: "Мамлекеттик тилде иштөөчү бардык жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио, басмалар, басма сөз органдары) кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактоого милдеттүү. Менчигинин түрүнө карабастан, телерадиокомпаниялар өздөрүнүн берүүлөрүнүн жарымынан көбүн мамлекеттик тилде алып барат."

Жаңы редакциясы: "Телерадио уюмдары үчүн мамлекеттик тилде берүүнүн милдеттүү (минималдуу) көлөмү 70 пайыздан кем болбошу керек жана берүү тартиби "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет."

Эгерде телерадиопрограмманын жана/же телерадиоберүүнүн түп нуска (же коштолгон) тили мамлекеттик тилде болбосо, мындай телерадиопрограммалар жана телерадиоберүүлөр мамлекеттик тилде коштоо шарты менен көрсөтүлөт.

Менчигинин түрүнө карабастан телерадиокомпаниялар берүүлөрүнүн 70 пайыздан кем эмесин мамлекеттик тилде обого чыгарышат.

№5. Интерфейстин мамлекеттин тилде болуусу милдеттүү

"Кыргыз Республикасында ишке киргизилген колдонуучу интерфейси бар компьютердик программада мамлекеттик тилдеги интерфейс болушу керек", - деп "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамдын жаңы редакциясында айтылат.

Андан тышкары жаңы редакция мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ишканаларды мамлекеттик тилде колдонуучу интерфейси бар компьютердик программаларды колдонууга милдеттендирет.

"Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана менчиктин баардык түрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн компьютердик программаларды сатып алууда колдонуучу интерфейс мамлекеттик тилде болушу милдеттүү шарт болуп саналат.".

№6. Котормочулардын заманы

Коомдук иш чаралар мамлекеттик тилде өткөрүлүүгө тийиш. Зарылчылыкка жараша гана расмий тилде жүрөт, деп жаны редакциясында жазылган.

Мында коомдук иш чаралар - бул "съездер, сессиялар, конференциялар, чогулуштар, көргөзмөлөр, семинарлар, тренингдер, талкуулар, форумдар, кеңешмелер, сүйлөшүүлөр жана мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар, ошондой эле мамлекет же аймактык коомдоштук ээлери (уюштуруучулары, катышуучулары, акционерлери) болуп саналган чарба субъекттер тарабынан толугу менен же жарым-жартылай уюштурулган башка иш-чаралар".

Коомдук иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилден башка тил колдонулган учурда, анын уюштуруучусу мамлекеттик тилге синхрондуу же ырааттуу котормосун камсыз кылууга милдеттүү.

№7. Мамлекеттик тил жана кардарларды тейлөө

Жаңы редакцияга ылайык, кардарларды тейлөө мамлекеттик тилде жүрүүгө мидеттүү. Бирок башка тилдерге оодарууга тыюу салынган эмес. Кардардын мүмкүнчүлүгүнө жараша ага тейлөө кызматын көрсөтүү тараптар үчүн алгылыктуу башка тилде да жүргүзүлүшү мүмкүн.

Жаңы редкциясы: "Менчиктин баардык түрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар, ишкер - жеке адамдар – кардарларды тейлеген башка чарба субъекттери (ушул берененин экинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо) мамлекеттик тилде кызмат көрсөтүшөт жана маалымат беришет. Мамлекеттик тил менен катар башка тилдердеги маалыматтар да коштолушу мүмкүн".

№8. Жарнама жөнүндө

Жаңы редакциясы: "Шаарларда, айыл аймактарында жана башка аймактарда плакаттар, такталар, жарык табло жана башка техникалык каражаттар түрүндө жайгаштырылган тышкы жарнама алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, ошондой эле зарыл учурларда башка да тилдерде таризделет.

Башка тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмүнөн чоң болбошу керек жана анын оң же төмөн жагында жайгаштырылууга тийиш."

Жарыя, прейкуранттар, багыттагычтар, жана башка коомдук текст жан визуалдык жарыялар үчүн да жогорудагы талаптар актуалдуу.

№9. Кимдер кыргыз тилин билүүгө милдеттүү?

Жаңы редакциясында кыргыз тилин кимдер билүүгө жана кызматында аны колдонууга милдеттүү экендиги так жазылган:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде белгиленген тизмедеги баардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • Жогорку Кеңешинин депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
  • Улуттук банкынын кызматкерлери;
  • ички иштер жана башка укук коргоо органдарынын офицердик жана башкармалык (орто жана жогорку) курамындагы адамдар, атайын чендер ыйгарылуучу башка органдардын кызмат адамдары;
  • ички иштер органдарынын жана атайын чендер ыйгарылуучу башка укук коргоо органдарынын катардагы, сержанттык жана старшиналык курамындагылар;
  • прокурорлор;
  • адвокаттар;
  • нотариустар;
  • баардык менчик формаларындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилери;
  • билим берүү мекемелерине жана/же илимий мекемелерге илимий, педагогикалык, илимий-педагогикалык кызматкерлер же чет тил мугалимдери катары чакырылган жана убактылуу иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардан же жарандыгы жок адамдардан тышкары, педагогикалык, илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлер;
  • мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери;
  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган адамдардан тышкары, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-11-пунктчаларында айтылбаган мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары жана кызматкерлери.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4438