"Ата-Журт Кыргызстандын" лидери Камчыбек Ташиев менен байланышы тууралуу айтып берди
RU

"Ата-Журт Кыргызстандын" лидери Камчыбек Ташиев менен байланышы тууралуу айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын лидери Айбек Маткеримов 2016-жылы Барпы айылында "Ата Журт" партиясынан жергиликтүү кеңештин депутаты болгонбу жана партиянын ошол кездеги лидерлери азыркы үгүт кампаниясын колдойбу деген суроого жооп берди.

Эске салсак, ал кезде партияны учурдагы президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектешчү.

Айбек Маткеримов партиянын атынан талапкерлигин койгонун, андан кийин депутат болгонун тастыктады.

Бирок бүгун эч кандай колдоо жок. Мен Барпы айылынан болгонум үчун эле Камчыбек Кыдыршаевич менен байланыштыра беришет. Мен андан көп нерсени үйрөндүм, башкысы - бул элге кызмат кылуу, энелерди сыйлоо, берилип иштеп, чынчыл болуу, - деди ал.

Андан тышкары "Ата Журт Кыргызстан" эски "Ата Журт" менен байлныштыгы барбы деген суроого жооп кайтарды.

"Жок, эки партиянын ортосунда байланыш жок. Мурунку "Ата Журт" өзүнчо партия катары Юстиция министрлигинде катталган, биздин партия өзүнчө, анын өзүнчо укуктары бар", - деп Айбек Маткеримов сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4447