24-жаштагы кош бойлуу келиндин өз жанын кыйганына күйөөсү жана абысыны айыпталууда
RU

24-жаштагы кош бойлуу келиндин өз жанын кыйганына күйөөсү жана абысыны айыпталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну Бакыт Назаралиев кайрылды. Октябрь айынын башында карындашы Салтанат өзүнө кол салып, каза болуп калган. Анын айтымында, Салтанаттын күйөөсү Залкар жана абысыны Назира аны өлүмгө жеткиришкен.

Бакыт Назаралиевдин айтымында, 2017-жылы 17-ноябрда, карындашы Салтанатты Залкар ала качкан. Салтанат отуруп калып, бир жылдан кийин Саадат деген кыздуу болушкан.

"Билишимче, ошол эле жылы Залкардын улуу агасы өз жанын кыйып каза болгон. Ошондон кийин карындашым менен күйөө баламдын турмушуна абысыны Назира кийлигише баштаган. Назира Салтанатты турмушка чыкканда кыз эмес болчу деп, башкасын да айтып айыптаган", - дейт Назаралиев.

Абысыны Назиранын айынан Залкар Салтанатты көп сабачу экен. Кийин Залкар кызынын атасы экенине да күмөн санай баштаган.

"Назиранын айынан ар дайым чыр-чатак чыга берчү. Салтанат жеңеме (байкемдин аялына) арызданып, Залкар менен Назираны төшөктө кармаганын да айтыптыр. Анда да Залкар карындашымды сабап салыптыр. Кийин Салтанат күйөөсүнүн телефонунан абысынынын билдирүүлөрүн көрүп калат. Анда Назира, эмне үчүн Салтанатты отурушка алып алдың, деп нааразы болуп жазган. Залкар, 15-сентябрда Назира менен чогу болобуз деп жооп берген", - дейт каза болгон келиндин агасы.

Салтанат асынып алганда беш айлык боюнда бар экен.

"Мен карындашымдын өлүм алдындагы катын алгам. Анда карындашымды бул кадамга күйөөсү Залкар менен абысыны Назира түрткөн деп жазылган", - дейт Назаралиев. Салтанат каза болгондон кийин Назиранын 24 жаштар уулу Ратбек карындашымдын телефонун катып салган. Ал жерде бардык кат жазышуулар жана сабалгандан кийинки тактардын сүрөттөрү бар болчу.

"Милицияга жазган арызымда Залкар, Назира жана Ратбекти айыпталуучулар катары көрсөткөм. Анткени Ратбек далилдерди жашырууга аракет кылды. Милиция Залкарды гана бир айга камакка алды. Прокуратура өз жообунда Назира менен анын уулун эстешкен да жок. Бирок мен алар тууралуу да арызымда жазгам", - дейт ал.

Андан тышкары, тергөөчү Айбек Тойчубеков эмнегедир Саланаттын өлүм алдында жазган катын жоготуп салыптыр. Башында ал кат кылмыш ишинин материалдарына тиркелген болчу.

"Учурда бардык бийлик органдар муну танып жатышат. Мен аларга өлүм алыдында жазылган каттын сүрөтүн көрсөтсөм да, Назира Салтанатты кысымга алып жаткан аудио жаздыруулардын флешкаларын да тиркегем. Бир да орган бизди уккусу жок. Өлкөнүн жогору жетекчилиги жана тиешелүү органдар чара көрүп, күнөлүүлөрдү жоопко тартат деп ишенем", - деп каза болгон Салтанаттын агасы сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4448