Самара Каримова боюнча чечим күчүнө кире элек. Бирок аны эч нерсе токтото алган жок
RU

Самара Каримова боюнча чечим күчүнө кире элек. Бирок аны эч нерсе токтото алган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Самара Каримованы Ош музыкалык окуу жайынын директорлук кызматына кайтаруу боюнча Биринчи май райондук соттун чечими күчүнө кире элек. Бул тууралуу Биринчи май районунун басма сөз кызматы билдирди.

Райондук сот берген маалыматка ылайык, Каримованы кызматына кайтаруу чечими 17-декабрда кабыл алынган. Мыйзам боюнча соттун чечими 30 күндөн кийин күчүнө кирет. Бул мезгил аралыкта тараптар соттун чечимине даттанса болот. Маданият министрлиги 15-январда аппеляциялык даттануусун жөнөткөн.

"Аппеляциялык даттануу келип түшкөнүнө байланыштуу, жогоруда айтылган соттун чечими күчүнө кире элек", - деп басма сөз кабарлады.

Белгилей кетсек, 18-январда Каримова музыкалык окуу жайга милициянын коштоосунда келип, директордун кабинетинин кулпусун сындырып, жаңысын орноткон.

Эске салсак, Самара Каримова 2018-жылдын 24-октябрында Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп дайындалган. Бир нече күн өткөндөн кийин жаңыдан Маданият, маалымат жана туризм министри болуп келген Азамат Жаманкулов ал буйрукту жокко чыгарып, Каримованы директорлуктан алып салган.

Жакында эле Самара Каримова Маданият министрлигине каршы сотту утуп чыгып, соттун чечими менен ал кайрадан директорлук кызматына кайтарылууга тийиш. Окуу жайдын коллективи соттун чечимине каршы чыгышты.

Буга чейин Каримова Оштогу музейдин жетекчиси болуу аракетин көргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/445