Полиция "Ыйман Нуру" партиясынын добуш сатып алып жаткан агитаторлорун кармады
RU

Полиция "Ыйман Нуру" партиясынын добуш сатып алып жаткан агитаторлорун кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош ШИИБдин кызматкерлери шайлоого катышып жаткан саясий партиянын өкүлдөрү же расмий эмес өкүлдөрү шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча ыкчам маалымат алышкан.

24-ноябрда оперативдүү кызматкерлер "Ыйман Нуру" саясий партиясынын өкүлдөрү добуш алуу үчүн шайлоочуларга акча берип жатканын аныкташкан.

Бул факты боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө өзүн "Ыйман Нуру" саясий партиясынын агитаторумун деп тааныштырган Ош шаарынын 39 жаштагы М.И. атту тургуну кармалган.

"Ал өз көрсөтмөсүндө келишим боюнча агитатор болуп иштеп жатканын, ошондой эле 22-ноябрь күнү Ош шаарынын Латипжанов көчөсүндө жашаган шайлоочуларды сатып алуу үчүн штабдын жетекчисинен 40 миң сом алганын көрсөткөн. Ал ошол жерден милиция кызматкерлери тарабынан кармалды", - деп билдиришти укук коргоо органдарынан.

Кармалган адамдын унаасы тинтилип, 500 сомдук 20 купюра, 50 сомдук купюра, 20 сомдук купюралар алынган жана "Ыйман нуру" саясий партиясынын үгүт китепчелеринин төрт нускасы табылган.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында үч адам кармалган. Алар өз көрсөтмөлөрүндө үгүт штабынын жетекчисинен агитаторлук кызматта иштегени үчүн 10 миң сом маяна алгандыгын, ошондой эле шайлоочуларга берүү үчүн 2 миң сом алышканын айтышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында агитаторлордун үйлөрүндө, "Ыйман нуру" партиясынын штабында тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анда баракчалар, дептерлер жана ар кандай каражаттар табылган.

Ыкчам кызматкерлер партиянын штабынын жетекчисин да кармашкан. Ал өз көрсөтмөсүндө "Ыйман нуру" саясий партиясынын үгүт иштерин жүргүзүүгө көмөктөшкөнүн жана штаб ачып, ар бир шайлоочунун добушу үчүн 1000 сомдон акча бергенин билдирген.

Ош шаарындагы эки агитатор шайлоочуларды сатып алган деген айып менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4472