"Таанымал экенин билген эмесмин". Унаа утуп алган кыргыз таксист өзү тууралуу айтып берди
RU

"Таанымал экенин билген эмесмин". Унаа утуп алган кыргыз таксист өзү тууралуу айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин, белгилүү орусиялык блогер Гусейн Гасанов Москва шаарында аны бекер жеткиргени үчүн кыргыз жигитине унаа белек кылгандыгы кабарланган. Super.kg порталы блогерден унаа алган Кыргыз жараны Эген Апсаматов менен байланышты. Көп жылдан бери Москвада иштеп жүргөн мекендешибиз унаа алганына дагы деле ишене албай жүргөнүн айтып, буларга токтолду.

"Бул эми Кудайымдын берген белеги болду. Окуя 23-ноябрда түшкө жакын болгон. Ал күнү Химки шаарчасынан буйрутма алып, Москванын борборуна бардым. Ал буйрутмам дагы жөн эмес, актриса кыз экен. Андан "Кайсы киного тартыласың?" деп сурасам кинонун атын айтпай койгон. Аны менен жолдо сүйлөшүп, мени дагы киного тартып жылдыз кылгылачы деп айткам. Актрисаны жеткиргенден кийин эле ушул экинчи буйрутма келди. Карасам 10 мүнөттө жетет экенмин. Барсам эле эки жигит алдыңкы эшикти ачып, бекер жеткирип коёсуңбу? акчабыз жок калды деп суранды. Алар суранган жерге 20 мүнөттө жетмекмин. Мен макул болдум. Жолдо кетип бара жатканда эле алар мага суроо берип башташты. Ошол маалда аларга көп суроо бергени үчүн жиним келип, унаадан түшүрүп салгым келди.

Алар авто борборго айдатып барып, "акчаңды беребиз, 15 мүнөт күтүп тур, эч жакка кетпе" деди. Макул деп күтүп турдум. 15 мүнөттөн кийин эле унаа утуп алдың деп чыгышты. Алгач ишенген жокмун. Мен Гусейн Гасанов деген таанымал блогер экенин билген эмесмин, мурда дагы таанычу эмесмин. Унааны үйгө алып келип токтоткондон кийин дагы ишенген жокмун. Бул эми Кудайдын буйругу.

Өзүм Ош облусунун Ноокат районундагы Тескей-Кожоке айылынан болом. 35 жаштамын. Москвага 2007-жылдан бери келип-кетип иштейбиз Акыркы жолу 2017-жылы келген бойдон калганбыз. Ортодо Кыргыз өлкөсүнө эки жолу барып келдим. Менин бир уул, бир кызым бар. Кызымдын бир кулагы тубаса укпайт. Унаага отурганда дагы "ата музыканын үнүн чоңойтуңузчу, кулагым укпайтат" деп айтат. Аны көрүп ыйлайт элем", - деди Эген Апсаматов.

Эген Апсаматов блогер белек кылган унаа 1 миллион 500 миң рубль турарын айтты.

Эске салсак, Гусейн Гасанов айдоочулар жардамга муктаж адамды бекер жеткиреби, жокпу текшерген. Ал акчасы жок кишидей болуп айдоочулардан жеткирип коюууну суранган. Көп айдоочулар андан баш тартып кеткенин көрүүгө болот. Акыры бир айдоочу дароо макул болуп жеткирген. Ага блогер жаңы унаа белек кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4481