Ар бир добуш 3000 сом. Бишкекте добуш сатып алууга шектүүлөр кармалды
RU

Ар бир добуш 3000 сом. Бишкекте добуш сатып алууга шектүүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Добуш сатып алууга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрда К.Б. аттуу жаран Биринчи Май РИИБине кайрылып, Н.Б аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Ал үгүт мезгилинде Н.Б белгилүү бир саясий партияга жана бир мандаттуу талапкерге схема боюнча добуш сатып алууга аракет кылгандыгын билдирген. Ар бир добуш үчүн 3 миң сомдон, анда 2 миң сом дароо, калганы шайлоодон кийин деп айтканын маалымдаган.

Бул факты Биринчи Май РИИБинде каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси ("шайлоочуларды сатып алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1996-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран кармалган. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн унаасынан накталай акча, 6 банктык карта, айдоочулук күбөлүк, 4 унаанын техникалык күбөлүктөрү, бир партиянын 33 формасы, 30 бланктын тизмеси, 2000 брошюра жана саясий партиялардын биринин 800 гезити жана 3 уюлдук телефон табылган. Мындан тышкары Н.Б.нын банктык картасы, уюлдук телефон жана акча табылган. Алынган каражаттардын жалпы суммасы 76 миң 700 сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4505