Садыр Жапаров: Эгер чындап жасалма болгон болсо, БШК керт башы менен жооп берет
RU

Садыр Жапаров: Эгер чындап жасалма болгон болсо, БШК керт башы менен жооп берет

Все самое интересное в Telegram

Президент Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партияларга социалдык тармактагы баракчалары аркылуу кайрылды. Бул постуна иллюстрация катары араб арибин койгон, анда Аллахтын аты жазылган.

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде "сбой" болду, добуштарды уурдады деп ызы чуу салып жаткан партияларга айтаарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт. Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жака жылбаш керек.

Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын баардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет.

Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула", - деп президент жазды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60(Бишкек)
url: https://kaktus.kg/4538