Call-борбор: Каракол-Бишкек жолунда белгисиз адамдар унааларды ташбараңга алышууда (видео)
RU

Call-борбор: Каракол-Бишкек жолунда белгисиз адамдар унааларды ташбараңга алышууда (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билдирүүнү Call-борборго окурман жөнөткөн.

Каракол - Бишкек жолунда белгисиз бирөөлөр ары бери өткөн унааларга таш ыргытып, айнектерин талкалап жатат.

"Кечээ, кечинде Караколдогу тоо-лыжа сезону ачылышынан кийин микроавтобус менен Бишкекти көздөй чыкканбыз. Темировка айлыныда, белгисиз бирөөлөр биздин унааны ташбараңга алышты. Микроавтоустун бардык айнектери талкаланып калды. Салондо кишилер бар болчу. Бирөөсү жаракат алса, унаанын ээси жооп бермек", - деп окурман жазды.

Шопурдун айтымында, ал айыл өкмөтүнө кайрылган, бирок андан эч кандай майнап чыккан жок. Ал милицияга кайрыла турганын билдирди.

Анын маалыматы боюнча, ушундай кол салууга туш болгон бешинчи же алтынчы унаа.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы бир окурман Каракол - Бишкек жолунда алар да ташбараңга алынганын кабарлаган.

30-ноябрда бул факт боюнча милицияга эч ким кайрыла электигин билдиришти. Бирок билдирүү ЖМКга жарыялангандан кийин Ысык-Көл райондук ИИБси фактыны электрондук журналына каттап, Жазык кодексинин "Бөлөк кишинин мүлкүн талкалоо же зыян келтирүү" 94-беренеси боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4562