"Бул киши өлтүрүү". 9 жаштагы Сумаянын иши боюнча берене өзгөртүлдү
RU

"Бул киши өлтүрүү". 9 жаштагы Сумаянын иши боюнча берене өзгөртүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

9 жаштагы Сумая Хосилжонованын сөөгүн табуу боюнча кылмыш иши кайрадан "Киши өлтүрүү" беренесине квалификацияланды. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.media редакциясы тастыктады.

"Кыздын жансыз денеси табылган күнү бул өз жанын кыюу эмес экени дароо белгилүү болгон. Сөөктү жана окуя болгон жерди иликтеп чыккандан кийин тергөө беренени "Киши өлтүрүү" деген беренеге өзгөрткөн", - деп түшүндүрүштү алар.

Эскерте кетсек, Сумая 18-ноябрь күнү, саат 12:40тар чамасында Сузак районунун Сузак айылындагы үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 27-ноябрда кыздын жансыз денеси табылган. Анда милиция кыздын сөөгү дарыянын жээгинен табылганын гана билдирген. Экспертиза учурунда зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери табылбаганын да айтты.

Учурда тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4563