Өгөй кызын зордуктаган кишинин өз кызы: Ал өзү атама жылаңач келиптир
RU

Өгөй кызын зордуктаган кишинин өз кызы: Ал өзү атама жылаңач келиптир

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына Ругияна Хаваева кайрылып, 55 жашар Рахат Ниязкуловага арызданды. Ругиянаны пикири боюнча, Рахат Ниязкулова анын атасы Хамид Хаваевди өгөй кызын (Ругияна Хаваеванын өгөй сиңдиси 15 жашар Индира) зордуктады деп негизсиз айыптап жатат.

"Атам, 15 жаштагы сиңдим Индира менен жыныстык катнашка барган. Бирок зордуктоо болгон эмес. Жыныстык катнаш экөөнүн каалоосу менен болгон", - дейт Ругияна Хаваева.

Рахат Ниязкулова менен анын уулу Рашид Индираны жана анын апасын талаа жумуштарына иштетишет. Бир нече убакыттан кийин Рахат Ниязкулова Индирадан анын зордукталганын билип, дароо милицияга кайрылат. Анын арызынын негизинде Ругияна Хаваева Токмок шаарынын ИИБсине суракка чакыртылат.

"Мен Ниязкулова Рахатты жана анын уулу Рашидди коркуткан имиш экенмин. Бирок андай болгон эмес. Мен эч кимди коркутпайм, андай оюм да жок", - дейт Ругияна Хаваева.

Ругиянанын айтымында, атасы Индираны 4 жашынан бери багып келет. Зордуктоо болгондон кийин Индиранын апасы менен сүйлөшкөм, Индира менен атамдын ортосунда чындап жыныстык катнаш болуптур.

"Индира атамдын бөлмөсүнө жылаңач кирип барыптыр. Ал эркек катары кармана алган жок. Индира өзү атамды азгырды. Элестеткиле, мен эле сизге жылаңач кирип барсам, эмне кылмак элеңер?" - дейт Хаваева.

Андан тышкары Хаваева арыз жазган 55 жаштагы Рахат Ниязкулова жана анын уулу Рашидди айыптады. Анын айтымында, аларда акча өндүрүп алуу планы бар.

"Рашид бир нече жолу алдамчылык иши боюнча соттолгон. Рахат Индира апасы менен өзү талаага иштегени келген, деп айтып жатат. Бирок андай эмес. Аларды Рашид алып барган. Андан кийин алар план ойлоп табышкан", - дейт Ругияна Хаваева.

Ушул күнгө чейин атасы менен сүйлөшө элек экендигин, анткени ал СИЗОдо отурат, аларга жолугушууга уруксат берилген эместигин билдирди. Атам Индира менен жатканын мойнуна алган, бирок эч кандай зордуктоо болгон эмес, деп билдирген.

Эске салсак, буга чейин Kaktus.media сайтына 55-жаштагы Рахат Ниязкулова кайрылып, талаасында 15 жаштагы Индира жана анын апасы иштегенин айтып берген. Кийинчерээк, Ниязкулова кыздын өгөй атасы 14 жашынан бери зордуктап келээрин билип калган. Дароо эле милицияга кайрылып арыз жазган. Андан кийин Ниязкуловага Индиранын апасынан жана айыпталуучунун кызынан коркутуулар түшүп баштаган.

Белгилей кетсек, Индира макулдук берүү жашына жете элек. Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 164-беренесине ылайык, он сегиз жаш куракка жеткен адам тарабынан билип туруп он алты жашка жетелек менен жасалган жыныстык катнашуусу, бачабаздыгы, лесбияндыгы же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттери, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4595