БШКнын алдында өтүп жаткан митингге бир нече провокаторлор келди (видео)
RU

БШКнын алдында өтүп жаткан митингге бир нече провокаторлор келди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-декабрда БШКнын алдында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын катышуусунда митинг өткөн.

Митинг бүткөндөн кийин бир эркек киши сөз алып, митингди токтотуп, тынч жашоого чакырды. Митингге келген башкалар аны менен кайым айтыша кетишти. Аны менен кошо келген бир нече киши четке чыгып, бир аздан кийин такыр эле кетип калышты.

Митингге келгендердин бири аларды мини-автобустар менен атайын алып келгенин байкап калды. Жүрүм-турумуна караганда, бул провокаторлор болушу мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4597