Россиялык реперден iPhone 13 алган Эламан эсиңиздеби? Эми ал жашоосун өзгөрткөнү жатат
RU

Россиялык реперден iPhone 13 алган Эламан эсиңиздеби? Эми ал жашоосун өзгөрткөнү жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Давадан iPhone 13 алган кыргызстандык эсиңиздеби? Рэпер эми ага жашоосун өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Россиялык рэпер жана видеоблогер Дава (Дэвид Манукян) мурда iPhone 13 белек кылган кыргызстандык Эламан менен кайрадан жолукту. Бул тууралуу ал TikTok баракчасында айтып берди.

"Эсиңердеби, ал менин үйүмө пица жеткирип келген, мен ага жаңы iPhone белек кылган элем? Иним, бир вариант бар. Дубайга кеткиң келеби? Мен сенин жашооңду өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берип жатам. KFCде иштеп эмес, дагы көп акча чогултушуң үчүн", - деп Дава Эламанга кайрылган. Кыргызстандык жигит даярмын деп жооп берди.

"Бир гана шарт бар, эгер загранпаспортуң болсо, анда азыр, дароо бул жерди ашып чык (текчени көрсөтүп). Анан биз бирге кетебиз. Тарых ушинтип жазылат", - деп улантты рэпер. Ал эми Эламан текчеден секирип чыккан.

"Ал жумушун таштап кетти. Эми бул жерде иштебейт", - дейт Дава. Видео Эламандын рэперди кучактоосу менен аяктайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4628