Ангела Меркел Германиянын канцлери кызматынан кетти. Аны кантип узатышкан (фото, видео)
RU

Ангела Меркел Германиянын канцлери кызматынан кетти. Аны кантип узатышкан (фото, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 2-декабрда, Берлинде Ангела Меркелди салтанаттуу узатуу иш чарасы өттү. Бул тууралуу Meduza жазды.

"Кечки таң атуу" ("Großer Zapfenstreich") деп аталган салтанаттуу аземди бундесвер, Германиянын куралдуу күчтөрү уюштурушту. Ангела Меркель расмий түрдө эмки жуманын башында, 8-декабрга чейин жумушунан бошотулат.

Коронавируска каршы чектөөлөргө байланыштуу иш чара чектелген форматта өткөрүлдү. Ага 200 киши катышып, анын ичинен 52сү Меркелдин учурунда федералдык кызматтарды аркалашкан.

Ангела Меркель кыска сүйлөгөндөн кийин аскер оркестри бир нече чыгарма аткарды. Анын ичинен үчөөсүн Меркель өзү тандаган.

"Кечки таң атуу" салтанаттуу аземи - немец аскерлери тарабынан көрсөтүлгөн эң жогорку сый урмат. Ал XVI кылымдан бери салт болуп калган. Бирок баашка немец канцлерлери 1998-жылдан тартып мындай сый көрсөтүүгө татыган эмес. Эске салсак, ал жылы ФРГнин өкмөтүн жетекетеген Гельмут Коль кызматынан кеткен.

Меркелдин ордуна 63 жаштагы Олаф Шольц кызматка дайындалды. Акыркы үч жылдан бери ал вице-канцлер жана Меркелдин өкмөттүндө финансы министри кызматтарын аркалаган.

Меркель өзүнүн кызматында 16 жыл болду. Ал бул жагынан рекорд койгон Гелмут Кольго болгону эки жума жетпей калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4629