"Телефонду эч ким тартып алган эмес". Өмүрбек Текебаев кол салган жигитке доом жок деди
RU

"Телефонду эч ким тартып алган эмес". Өмүрбек Текебаев кол салган жигитке доом жок деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кол салган Ыбыш Эшпаевге доосу жок экенин билдирди. Бул тууралуу саясатчы УКМКнын имаратынын жанында туруп журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, телефонун эч ким тартып алган эмес. Ал ресторандагы столдун үстүндө калган.

"Мен респторандан чыгып кеткенден кийин телефонумду алып кетип калышыптыр. Бул тоноо эмес. Мага тергөөчүлөр келип, кагаздарына кол коюп берем. Ал жигитти кое беришет. Менин ага доом жок", - деп Текебаев сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4638