Садыр Жапаров: "Эгер БШК бийлик кысым көрсөттү десе, токтоосуз отставкага кетүүгө даярмын
RU

Садыр Жапаров: "Эгер БШК бийлик кысым көрсөттү десе, токтоосуз отставкага кетүүгө даярмын

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Арыба.кг" сайтына маек берип, БШКдагы ызы-чуу боюнча айтып берген.

- Шайлоо сиздин оюңуз боюнча кандай өттү? Мыйзам бузуулар болгон жокпу? "Добушубузду уурдап алдыңар" деп ызы-чуу салган партиялар чыкты. Чындап эле добуштар уурдалдыбы?

- Шайлоо жакшы өттү. Бул менин баам эмес. Биринчи кезекте, көпчүлүктүн баасы. Экинчиден, дүйнөлүк коомчулуктун, эл аралык байкоочулардын баасы. КМШ, Европа, ШОС (ред.: Шанхай кызматташтык уюму), Түрк дүйнөсү, Араб өлкөлөрү жана Америка өлкөлөрүнөн келген 800гө жакын байкоочу катышты. Шайлоонун эртеси алардын баары өз бааларын беришти.

"Шайлоолор эң жогорку деңгээлде өттү" деп алгылыктуу айтышкан өлкөлөр болду. Ошол эле демократиялуу делген Европа, Америка өлкөлөрү дагы жакшы баа беришти. Анын баарын өзүңөр деле ММКлардан көрдүңөр да. Баары шайлоо калыс өткөнүн, добуштар уурдалбаганын, техника калп айтпасын жакшы билишет. Себеби ошол эле өнүккөн мамлекеттер ушул техникалар боюнча бизден 50 жыл алдыга кеткен. Эгер чындап уурдалган болсо, жакшы айтмак түгүл дүйнө жүзүнө дүңгүрөтө жарыялап чыгышмак. "Мына Кыргыз мамлекетинде ушундай болду, добуштар уурдалды", - деп.

Ал эми "добуштар уурдалды, бюллетендерди түнү менен алмаштырышат" деген саясатчылардын билдирүүлөрү абсурд. Республика боюнча 31 000 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар. Элестетиңиз, 31 000 кишинин катышуусу менен түн катып бюллетендерди көтөрүп алып чуркап жүрүшкөнүн. Азыр үч киши менен кыңыр иш кылсаң бир заматта билинип калчу заман.

Эгер эле бийлик тараптан басым болсо, БШКнын башчысы, адистери же участкалык шайлоо комиссияларынын 31 000 мүчөсү "бийлик ушинтип басым жасады, анан биз ушинтип шайлоодо добуш уурдадык" деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле отставкага кетип калайын. Ал эми протоколдорду кайра көчүрүп жазып жаткандар ар бир шайлоодо болот. Айрымдары туура эмес толтуруп алышат. Кайра оңдошот. Баары эле бирдей билимдүү эмес да. Эң негизгиси, бюллетендер так болсо болду. Бул жерде болгону БШКнын катасы утулуп калган партиялардын чырагына май тамызып берди. Утулгандар өздөрү деле эң жакшы билишет санактар жакшы эле кетип жатканын. Билмексен болуп кыйкырып жатышат. Аларга жөн гана шылтоо керек. Серверди түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле сайрап жатып калышты. Айрымдары элдин башын айлантып, өздөрү таблица чийип ала коюп сүйлөп чыгышты "мына, ушинтип уурдайт добуштарды" дешип. Кимде-ким добуш уурдаган болсо аны Кудай өзү жазаласын.

Бирок азыр техниканын заманы. Азыр добуш уурдай албайсың. Добуштарды уурдоо тээ 1990-2000-жылдары болчу. Ал убакта бюллетендер кол менен саналчу. Бир талапкердикин экинчи талапкерге оодарып койсоң болот эле. Азыр сервер дароо чыгарып берип коёт.

Бул алдын ала жыйынтык. Андан кийин бир жуманын ичинде кол менен санап чыгасың. Мына ошол мыйзамдуу жана так жыйынтык. Сервердин берген жыйынтык менен кол менен санагандан кийин ортосунда анча-мынча эле айырма болот. Анткени урна эсептегенде квадраттан чыгып кеткен "птичканы" жараксыз катары санап койгон учурлар болот. Ошол үчүн жергиликтүү комиссия өкүлдөрү "квадраттан чыгарбай койгула" деп эскертип турушат эмеспи. Кол менен санап жатканда андай бюллетень жарактуу болуп саналат. Ошондуктан ошол бюллетендер кошулса ошол партия же талапкердин добушу көбөйөт. Азайбайт.

Ал эми "серверге кирип жасайт, добуш уурдайт" деген бул түшкө кирбеген нерсе. Урна менен сервердин аянтына кире албайсың. Сервер БШКга санактын сандарын гана чыгарып берип турат. БШК болгону аны өзүнүн сайтына жарыялап турат. Ошол БШКнын сайтынан бир санды эки жолу салып коюп ката кетирип алышкан. Бирок тез эле сервер чыгарып берип жаткан сандарга кайра коюлган.

Бул маселе боюнча мен дароо баарын чогултуп, такташтык. Адистер "эч арам оюбуз жок эле, ката кетирип алдык" дешти. Чындыгында эле ошондой болуп чыкты. Ошентсе да УКМК териштирүү кылып суракка алышты. Балким, атайылап сүйлөшүп алышып оппозицонерлер үчүн шылтоо жасап берип жатышкан жокпу деген ой менен. Андай нерсе азырынча байкалбайт. Шайлоо бүтүп, жыйынтыгы чыксын, анан дагы териштиребиз. Күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин карайбыз.

Маалымат super.kg сайтынан алынды

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4652