Зордуктоого шектүүнүн айынан полиция имаратына чабуул жасалган. АТС чоо-жайын айтып берди
RU

Зордуктоого шектүүнүн айынан полиция имаратына чабуул жасалган. АТС чоо-жайын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16 жаштагы кыздын зордукталганынан кабардар болгон 50дөн ашык адам Сокулук ОВДсына келишкен. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-декабрда белгисиз адам 16 жаштагы өспүрүмдү сабап, зордуктаганы тууралуу милицияга билдирүү түшкөн.

"5-декабрда, эртең менен 2004-жылкы кызын Бишкекке салган атасы жеткирип коём деп алып кеткен киши зордуктоого аракет кылып, сабап салганын айтып, ага чара көрүүнү суранган",- деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси боюнча катталып, кармалган. Ал 1990-жылы туулган К.Н. аттуу жаран.

Ошол эле күнү Сокулук РИИБине 50гө жакын жергиликтүү тургун келип нааразычылыктарын билдирип, талаптарын коюшкан.

Чогулгандардын алдына райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы чыгып, толук жана объективдүү иликтөө жүргүзүүгө убада берди. Сүйлөшүүдөн кийин чогулгандар тарап кетишкен. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4656