5 жылда дээрлик 900 миллион сом электр энергиянын карызы мыйзамсыз жоюлган. Ким күнөөлүү?
RU

5 жылда дээрлик 900 миллион сом электр энергиянын карызы мыйзамсыз жоюлган. Ким күнөөлүү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ошэлектр", "Жалалабат электр", "Чыгыш электр" жана "Түндүк электр" акционердик коомдорунун кызматкерлерине электр энергиясына болгон карызды мыйзамсыз жоюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жогоруда аталган ААКтарда туруктуу коррупциялык схемалар аныкталып, мамлекетке жалпысынан 897 миллион 288 миң 500 сом зыян келтирилген. Бул электр энергияга болгон карыздар 2016-2020-жылдары кечилген.

Маалым болгондой, аталган акционердик коомдор карыздарды сот аркылуу өндүрүлбөй, карыздар төлөнбөй калган. Башка учурларда доо арыздар берилип, бирок сот аткаруучулардын мыйзамсыз буйруктарынын негизинде карыздар негизсиз жоюлган. Аталган кызмат адамдары коррупциялык кызыкчылык үчүн такыр жашабаган даректерди карызкорлордун тизмесине атайылап кошуп, ошондой эле карыздарын төлөй албайт деген жүйө менен эсептен чыгарып салышкан.

Учурда кызмат адамдарынын аракеттерине баа берүү жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336 "Коррупция" беренеси боюнча төрт кылмыш иши козголду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4661