Instagram'дан кайгуул кызматын атууга чакырык салган жигит камака алынды
RU

Instagram'дан кайгуул кызматын атууга чакырык салган жигит камака алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-декбарда Instagram'да видео пайда болгон, анда жаш жигит түз эфирге чыгып, белгисиз маркадагы тапанча кармап алып төмөнкү сөздөрдү айткан: "Патруль чыкса ат".

Милиция видеодогу каармандын ата-жөнүн аныктаган, ал 1995-жылы туулган О.Н. болуп чыккан. О.Н. кармалып, Биринчи май райондук РИИБге тергөө кызматына алынып келинген.

Кылмыш кодексинин "Курал жаракты мыйзамсыз сактоо жана колдонуу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/46