Олимп оюндарына жолдомо алган спортчуларга 1500 доллар стипендия төлөнөт
RU

Олимп оюндарына жолдомо алган спортчуларга 1500 доллар стипендия төлөнөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук олимпиада комитети Парижге жана Пекин олимп оюндарына жолдомо алган спортчуларга 1500 доллардан ай сайын стипендия төлөп берет. Азыр Пекин кышкы олимпиадасына жолдомо алган Максим Гордеев олимпиадалык стипендия алып жатат. Мындай маалымат Улуттук олимпиада комитетинин башкы ассамблеясынын 10-декабрдагы жыйынында айтылды.

Анда Башкы ассамблеянын алкагында төрт жаңы федерация түзүлөрү белгилүү болду. Алар: шорт-трек (президенти Айваз Оморканов), текбол (президенти Чолпонбек Жумашүкүров), жиу-житсу (президенти Абдурахманхажи Муртазалиев) федерациялары жана Допингге каршы улуттук борбор.

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Кытайда өтө турган XXIV Кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алганын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги декабрь айынын башында билдирген. Ага жолдомо лыжа спортунун слалом түрүнөн квота иретинде берилген.

Максим Гордеев 26 жашта. Лыжа боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ал 2022-жылы Пекин Олимпиадасына жолдомого ээ болгон кыргызстандык биринчи спортчу болуп калды.

XXIV Кышкы Олимп оюндары 4-20-февраль аралыгында өтөт.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4730