Садыр Жапаров бороондун кесепетинен каза болгондорго байланыштуу Джо Байденге көңүл айтты
RU

Садыр Жапаров бороондун кесепетинен каза болгондорго байланыштуу Джо Байденге көңүл айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байденге Американын Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан адамдардын курман болгонун жана кыйроолор тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.

Ушул жаратылыш кырсыгынан улам курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эске салсак, 10-декабрь күну кечинде бир нече торнадо АКШнин Кентукки шатытнда жүрүп, бир нече округду талкалаган. Бүгүнкү күндө 100гө чукул киши каза болду деп маалымат берилди. Штаттын көптөгөн тургундары электр энергиясыз калышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4745