Бакиевдин VIP-шаарчасына жол салына баштады. Андан тышкары, курулуш иштери да жүрүп жатат
RU

Бакиевдин VIP-шаарчасына жол салына баштады. Андан тышкары, курулуш иштери да жүрүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурда Максим Бакиевге таандык болгон "Идеал Хаус" VIP-шаарчасынын аймагында курулуш иштери жандандырылды.

Бул баягы "Ала-Арча-1" мамлекеттик резиденциясынын жанындагы 12,4 га жерди ээлеген чуулгандуу коттедждер. 2010-жылы убактылуу өкмөттүн декрети менен объект улутташтырылган болчу, ал эми 2015-жылы менчиктештирүү программасына киргизилген.

2017-жылы журналист Элнура Алканова коттедждик комплекстердин сатылышы боюнча атайын иликтөө жүргүзүп, анын натыйжасында ызы-чуу чыгып, чиновниктерди камакка ала башташкан.

Бүгүнкү күндө территорияда 48 салынып бүтө элек объект бар. Бул үйлөр, гараждар, бассейндер, фундаменттер жана жаңыдан эле казылган котловандар.

VIP-шаарчасында курулушчулар жана маал-маалы менен курулуш техникасынын келип-кеткени байкалган.

Анысы аз келгенсип, VIP-шаарчасын карай жол салынып жатат. Кыскасы, курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Kaktus.media редакциясы "Идеал Хаус" жайгашкан жерге барганында курулушчулар мамлекеттик резиденцияны көздөй арыктын лотокторун салып жатышыптыр. Арыктар жол менен катар салынып жатат деп жумушчулар билдиришти.

Өздөрүн "Бишкекасфальтсервис" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, жеке менчик буюртманы аткарып жатканын айтышты. Алар берген маалыматка ылайык, Кененбай деген заказчиктин офиси VIP-шаарчанын аймагында жайгашкан, жана бардык суроолор менен ошол кишиге кайрылуу зарыл. Бирок жеке менчик территорияга кирүү мүмкүн эмес, анткени тегерете бийик тосмо менен тосулган экен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4775