Каракол лыжа базасында тоого чыгаруучу асма жол артты көздөй иштей баштаган. Видео
RU

Каракол лыжа базасында тоого чыгаруучу асма жол артты көздөй иштей баштаган. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-декабрда Караколдогу лыжа базасында элди жогору жака алып чыгуучу асма жол күтүүсүздөн артты көздөй иштеп баштаган.

Бул маалыматты социалдык тармактарга жарыялашкан.

Видеодо көрүнүп тургандай, эс алуучулар ызы-чуу болуп, асма жолго түшкөндөрдү куткарып жатышат. Дагы бир видеодон электр столбасынын өрттөнүп жатканын көрсө болот.

Kaktus.kg редакциясы "Каракол" лыжа базасы менен байланышканда, бардыгы электр энергиясынын тутанганына (замыкание) байланыштуу болду деп түшүндүрүштү.

"Столбада бир аз замыкание болду. Техника болгондон кийин мындай көрүнүштөр боло берет. Жабыркагандар жок. База кадимки режимде иштеп жатат", - деп базадан билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4815