Курулуш компаниясы акчаны толук алды, бирок мектептин ашкана менен спортзалын бүтүргөн жок
RU

Курулуш компаниясы акчаны толук алды, бирок мектептин ашкана менен спортзалын бүтүргөн жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Алай райондук прокуратурасы социалдык инфраструктура объекттерин курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын сарпталышынын мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Генералдык прокуратуранын басма соз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, 2015-жылы Ош областтык капиталдык курулуш башкармалыгы

тарабынан Алай районунун Сары-Могол айылында жайгашкан орто мектебинин спортзалын жана ашканасын куруу боюнча конкурс өткөрүлүп, курулуш ишин 24 млн. 202 миң 850 сомго аткарууну сунуштаган. "С." ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, тийиштүү келишим түзүлгөн.

Жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталгандай, түзүлгөн келишимдин шарттарында акча каражатын алдын-ала төлөө жагы көрсөтүлбөгөндүгүнө карабастан, капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жогорудагы ЖЧКнын дарегине акча каражат толугу менен которулуп берилип, бирок 5 жылдан бери аталган орто мектебинин спортзалын жана ашканасын куруу иштери аяктабай токтоп калып, мамлекетке жалпы 6 млн. 382 тыс. 225

сомдук материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-бер. 2-бөл. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/483