Бишкекте май алмаштыруучу жайда өрт чыкты. ӨКМ берген алдын ала маалымат (фото, видео)
RU

Бишкекте май алмаштыруучу жайда өрт чыкты. ӨКМ берген алдын ала маалымат (фото, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте, бүгүн, 21-декабрда эртең менен өрт чыкты. Көрүүчүлөр шаардын борбор тарабынан кара түтүндүн тарап жатканын байкашкан.

ӨКМ берген маалыматка ылайык, Тимирязев жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май алмаштыруучу жайда май куюлган бак өрттөнүп кеткен. Отту 07:46да өчүрө башташкан. Өрт өчүрүүгө Бишкектин үч районунан өрт өчүрүүчү бригадалар тартылган.

Азырынча себеби аныктала элек. ӨКМ тагыраак маалыматтык кийин бере турганын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4851