"Ансар Групп" кооперативи менен кыялыңыздагы үйдү үстөк пайызы жок сатып алыңыз
RU

"Ансар Групп" кооперативи менен кыялыңыздагы үйдү үстөк пайызы жок сатып алыңыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үстөк пайызы жок үй сатып алуу мүмкүнбү? Кыялымдагы унаа сатып алганга каражатым жетишсиз, кайда кайрылсам болот? Жерим бар, бирок үй салганга акчам жок, эмне кылсам? - деген суроолор ойлондуруп жатса, "Ансар Групп" коммерциялык эмес керектөө кооперативинин негиздөөчүсү жана төрагасы Шерматов Элдос Олжобаевич менен болгон интервьюну окуп көрүңүз. Бир топ пайдалуу маалымат алып, көйгөйлөрдү чечүү жолун табасыз.

"Ансар Групп" качан түзүлгөн?

"Ансар Групп" кооперативи 2021-жылдын 3-майында юридикалык жактан каттоодон өткөн. Ошондон бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө жети айдын жүзү болду.

Компания эмне үчүн түзүлдү, идея эмнеден улам жаралды?

Жарандарыбыз биринчи кезекте эмнеден кыйналат? – деген суроо менен көптөгөн тармактарды карап, изилдеп көрдүк. Жыйынтыгында, калкыбыз турак жай маселесинен көп кыйнала турганын аныктадык. Үй сатып алуу же автоуналуу болуу максатында миграцияга кетишет, кулчулукка кабыл болушат. Үй-бүлөдө чыр-чатактар, зомбулук болуп жатат. Мына ошол актуалдуу көйгөйлөрдү аз да болсо чечүү максатында социалдык долбоорду иштеп чыкканбыз. Бул биздин коомчулукка, кыргыз жарандарына жардам берүүчү долбоор.

Кооператив деген эмне?

Кооперативди жалпак тил менен түшүндүргөндө бул ашар жолу. Кыргызстанда ашар кадыресе көрүнүш. Эл биригип, бир адамга барып жардам берсе, кийин ал киши да башка бирөөгө барып жардам берет. Кыскасы, физикалык жана юридикалык жактардын бир максатты көздөп, ыктыярдуу биригүүсү.

Бизге үй алуу, унаа алуу дегеле, керектөөлөрүн канаттандыруу максатында келип мүчө болуп кошулушат. Черный касса деген оюн сыяктуу, ошонун мыйзамдуу жолу десек болот. Элден элге, эл алып келип, алдыңкы төлөмүн төлөйт, белгилүү бир убакыттан кийин күтүү мөөнөтү келгенде жалпы сумманы алып кетет. Кайра 10 жылга чейинки мезгил аралыкта кайтарып төлөп берет. Бул элдин акчасы, топтолгон акча кайра эле элге чачылат. Система ошондой.

Эл кезекке турабы?

Кезек десек туура болбой калат. Анткени кезек башка, күтүү мөөнөтү башка. Бизде, төлөгөн суммасына жараша мөөнөт коюлат, ошол кезде келип акчасын алып кетет.

Кооператив мыйзамдуубу? Анын ишмердүүлүгүн мамлекет көзөмөлдөйбү? Финансы пирамидасы эмеспи?

Ооба, бул мыйзамдуу, башка өлкөлөрдө да бар. Кыргызстанда 2004-жылы мыйзамдуу түрдө катталган. Ошондон бери кооператив мыйзамдуу туу тутуп, мыйзамдын негизинде иш алып барат. Мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынат. Мыйзамда мамлекет кооперативдердин жана алардын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын, мүлктөрүн коргоого алууга милдеттүү деп жазылган. Мамлекет туура мыйзам чегинде иш алып барууга үндөйт, туура эмес иштер жүрсө жоопкерчиликке тартат.

Финансы пирамидасына артыңан киши ээрчитип келиш керек. Силерде да ошондойбу?

Жок, бизде андай жок. Кыргызстанда финансы пирамидасынан жабыр тарткандар аябай көп. Ошонун айынан бизге болгон ишеним төмөндөп кеткен. Мен 100% кепилдик бере алам. Биз финансы пирамидасы эмеспиз. Бир нече айырмачылыктарын айтып берейин. Мисалы, финансы пирамидасында артыңан беш адам келмейин, ошол адамга премия берилбейт, көздөгөн максатына жетпейт. Ал эми бизде, өзү келишим түзгөндөн кийин аркасынан адам алып келиштин зарылчылыгы жок. Качан мүлктү алат, канча жылда канчадан төлөйт, бары көрсөтүлөт. Ошол сумма биздин эсепке кайра 10 жылда кайтып келет. Ал эсептен жаңы келген кардарларга алынып кете берет. Финансы пирамидасында 5 адам алып келсең анын акчасын аласың, бирок алардын акчасын эч качан кайтарбайсың. Ал эми бизден карызга аласың, кайра он жылда ошол акчаны кайтарып бересиң. Демек, биз муну үч бурчтук пирамида эмес, айлампа катары элестетсек болот. Жыйналган сумма элге чачылат, анан кайра он жылда кайтарылат. Кийин кайра башка кардарларыбызга каржыланып кете берет.

Андай болсо, силер эмнеден пайда табасыңар?

Пайызсыз, он жылга бөлүп төлөө шартын түзүп бергенибиз үчүн кызмат акы кошо алабыз. Мисалы: 2 миллиондук үй ала турган болсоңуз, анын 25%, башкача айтканда 500 миң сому сизде бар, калган 1,5 миллион сомду табуу үчүн Россияга барышыңыз керек, же дагы 10 жылдап топтошуңуз керек. Антип кыйналбаш үчүн бизге келиңиз, 500 миң сомду төгөсүз, калганын "Ансар Групп" кооперативи каржылап берет, кызмат акы катары 60 миң сом, бир жолку кызмат акы төлөйсүз. Кийин он жылга чачыратып, 1,5 миллион сомду айына 12 500 сомдон бөлүп төлөй бересиз. Бул ижарага алынган батирдин суммасы менен барабар болуп калат.

Кооперативге кириш үчүн эмне кылыш керек жана кандай документтерди чогултуу керек?

Бизге келаткан кардарлар, мүчө катары кирип, жетекчиликке арыз менен кайрылат. Арызы каралып, андан кийин чечим кабыл алабыз. Кооперативге мүчө болуп кирген жаран Устав боюнча бардык укуктарын пайдалана алат. Мисалы, жетекчиликти шайлоо, иш кагаздарга жана кооперативдин өнүгүшү боюнча сунуштарды берүү, дегеле бардык нерселерге катыша алат. Башка мекемелер кардар катары кабыл алса, биз мүчө катары кабыл алабыз.

Бизде документ топтооо жагы өтө жөнөкөй.

Талап кылынуучу документтер:

  • Паспорт (көчүрмөсү)
  • Жашаган жери тууралуу аныктама
  • Калкты тейлөө борборунан маалымкат (ЦОН)

Иштеген жериңен справка алып кел, пайдаңды көрсөт, поручитель алып кел деген нерселер жок.

Үйдөн тышкары дагы эмнелерди алса болот?

Биздин кооператив көп тармактуу. Башкача айтканда турмушта эмнеге муктаж болуп турсаңар, биз аркылуу сатып алсаңар болот. Автоунаа, турак-жай, жер тилкесине. Жериңиз бар болсо, курулушка, чакан бизнести өнүктүрүүгө, үй-тиричилик техникасына, мал-чарбачылык менен иштегенге. Дегеле, кыргызстандагы жарандардын бардык керектөөлөрүн канааттандырууну көздөп жатабыз.

Турак жай программасы:

  • Эгерде кардар үйдүн баасынан 25%ын төлөсө, кооператив калган 75%ын 6-7 айда каржылап берет.
  • Эгерде кардар үйдүн баасынан 35%ын төлөсө, кооператив калган 65%ын 3-4 айда каржылап берет.
  • Эгерде кардар үйдүн баасынан 50%ын төлөсө, кооператив калган 50%ын 35-45 күндө каржылап берет.
  • Төлөө мөөнөтү: 10 жыл

Турак жай каржылоодогу кызмат акы:

  • 2 млн чейин - 3%
  • 2 - 6 млн чейин - 4%
  • 6 - 8 млн чейин - 6%
  • 8 - 10 млн чейин - 8%
  • 10 млн < - 10%

Автоунаа программасы:

Баштапкы төлөм:

35 - 50% автоунаанын баасынан

Каржылоо мөөнөтү:

35% - 3 - 4 айга чейин

50% - 35 - 45 күнгө чейин

Кызмат акы:

6% авто унаанын баасынан

Төлөө мөөнөтү:

3 жыл

Биздин негизги өзгөчөлүгүбүз эмне алсаңыз да сиздин атыңызга каттайбыз. Атыңызга өткөн мүлктү өзүбүзгө күрөөгө коебуз. Бул биздин ишеним боолот. Төлөп бүткөнчө бизде күрөөдө турат, ал эми сизге ишенимдүү болуу үчүн мүлк сизге катталат. Эч кандай коркунуч жок.

Шылуун кардарлардан өзүңөрдү кантип сактайсыз? Кандай кепилдиктер бар?

Адамдар ар башка болот. Кээ бир адамдар 10 жылда эмес, 7 айда эле кутулуп салгандар болот. Айрымдары түрдүу шартка байланыштуу убагында төлөй албай калат. Биз бир жылда бир айлык каникул бере алабыз. Мисалы, белгилүү бир айда төлөй албайм, десеңиз ошол айда албайбыз.

Эгер 3 айга чейин төлөй албасаңыз, бизге кайрылып, төккөн акчамды кайтарып бергиле, мындан ары төлөй албайм дейсиз, биз залогдо турган үйдү сатыкка коебуз, түшкөн акчадан сиздин бөлүгүңүздү беребиз, өзүбүздүкүн да чыгарып алабыз. Бул жерден эч ким күйбөйт.

50% жетпей калса эмне болот? Көчүп кетсем эмне болот? – деп көп сурашат. Бизде киргенге кандай укугуңуз болсо, чыгып кеткенге да ошондой укугуңуз бар.

Региондо жашагандар шаардан үй ала алабы?

Биз социалдык долбоор болгондуктан, каалаган жеринен үй алууга мүмкүнчүлүк беребиз. Ошто туруп, Бишкектен, же Бишкекте туруп, Ысык-Көлдөн ала бересиз.

Республика боюнча канча филиалыңыз бар?

Жарандарга жеңилдик түзүү максатында, болушунча шарттарды түзүп берип жатабыз. Республика боюнча 16 кеңсебиз бар: Бишкек, Кара-Балта, Нарын, Ош, Кара-Суу, Араван, Ноокат, Алай, Жалал-Абад, Токтогул, Кербен, Шамалды-Сай, Ала-Бука, Баткен, Кызыл-Кыя, Исфана шаарларында ачылган.

Азыркы тапта канча мүчө бар?

7 айдын ичинде 1200 жаранды мүчө катары кабыл алдык. Ошонун ичинен 450дөн ашык адам каржыланды. Так санын айта албагандымдын себеби, бизде статистика күн санап, саат санап өзгөрүп турат. Анткени күнүнө 10го чукул адам каржылоо алат.

Кооперативге мүчө болуу үчүн кеминде канча киреше табыш керек?

Биз кирешеңди көрсөтүп бер деп талап кылбайбыз, бирок өзүбүзгө чек койгонбуз. Мисалы айыл жергесинде жашагандар турак жай алса, ай сайын төлөй турган суммасы 8 миңден төмөн болбош керек. Ал эми автоунаага 5 миң сомдон төмөн болбош керек.

Мугалимдерге атайын программаңыз бар экен, анын башкалардан айырмачылыгы эмнеде?

Биздин жалпы суммадан алына турган кызмат акыбыз 4% болсо, мугалимдерге жеңилдик катары 3% киргизгенбиз. Андан тышкары, жогоруда айтып бергендей, атайын мугалимдер үчүн деп - 15% программасын иштеп чыкканбыз.

Биз түрдүү акцияларды да өткөрүп турабыз, жакшы жаңылык айта кетейин: май айында "Ансар Групп" кооперативине бир жыл болот. Ошого карата мега акция уюштурганбыз. Май айына чейин бизге мүчө болуп катталып, контракт түзгөн жарандарга лотореянын билетин беребиз.

"АНСАР ГРУПП" КООПЕРАТИВИНИН 1 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА МЕГА АКЦИЯ:

  • Көп кабаттуу үйдөн батир
  • 20 автоунаа
  • Умрага жолдомо
  • Дубайга жолдомо
  • Өзбекстанга жолдомо
  • Ысык-Көлгө жолдомо
  • IPhone 13
  • Үй тиричилик техникалары

АКЦИЯ 20.11.21 – 20.05.22 ЧЕЙИН УЛАНАТ

Ай сайын түрдүү акциялар болуп турат. Акциялар боюнча Instsagram баракчабызга жана Youtube каналыбызга катталып кабардар болуп турасыз.

Бардык аракетибиз, күчүбүз, жарандардын керектөөлөрүн камсыздоого багытталган!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4853