Садыр Жапаров президент катары кайсы өлкөгө алгачкы иш сапары менен барат?
RU

Садыр Жапаров президент катары кайсы өлкөгө алгачкы иш сапары менен барат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңыдан шайланган президент Садыр Жапаровдун президент катары алгачкы иш сапары Россия Федерациясына болот. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештеги жыйыны учурунда билдирди.

"Садыр Жапаров алгачкы визитин Россияга жасайт", - деди Сабиров.

Иш сапардын жүрүшүндө президент россия тарап менен табигый газга болгон бааны төмөндөтүү маселесин сүйлөшө турганы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/487