Ресторандабы? Депутат сессияны кантип аяктаарын жабык эшик артында талкуулоону сунуштады
RU

Ресторандабы? Депутат сессияны кантип аяктаарын жабык эшик артында талкуулоону сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев кесиптештерин тарап кетпөөгө чакырды.

22-декабрдагы жыйында ал парламент бир нече мыйзам долбоорлоруна добуш бериши керектигин эске салды.

"Андан сырткары бүгүн акыркы жыйын. Биз акыркы сессияны кандай жыйынтыктайбыз, ошону чечишибиз керек", - деди депутат.

Ал бул маселени кийинчерээк жабык эшик артында талкуулоону сунуштады.

Эске сала кетсек, эртең, 23-сентябрда Жогорку Кеңеште VII чакырылыштагы депутаттардын биринчи жыйыны өтөт.

Белгилей кетсек, жай айында 9-сессиясын аяктаган парламент Rixos Hall ресторанында өзүнчө сессия уюштурган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4880