Ошто окуу борбору өрттөнүп жанындагы үйлөрдүн да чатыры күйүп кеткен
RU

Ошто окуу борбору өрттөнүп жанындагы үйлөрдүн да чатыры күйүп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 22-декабрда, Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндө жалпы аянты 60 чарчы метр болгон Самара окуу борбору толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз борборунан билдиришти.

Өрт жанындагы турак уйдун чатырына өтүп, Мухаммад Али Джинах көчөсүндөгү үйдүн чатыры да күйүп кеткен.

Өрттү өчүрүүгө No12 өрткө каршы бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган. Саат 16:38де өрт локализацияланып, дагы 1,5 сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн.

Жабыркагандар жок, учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4898