"Бизди коркутуп жатышат". Миң-Куштуктар жайыттарын сактап калуу үчүн митингге чыгышты
RU

"Бизди коркутуп жатышат". Миң-Куштуктар жайыттарын сактап калуу үчүн митингге чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-декабрда өкмөт үйүнүн жанында Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундарынын митинги өтүүдө.

Тургундардын айтымында, айылда жайкысын малын жайган жалгыз жайыт бар, эми ал жерден көмүр казганы жатышат.

"Карьер биз суу ичкен дарыянын түбүнө жайгашат, табигый түрдө экология бузулат, мындан жапа чегебиз", - дейт митингчилердин бири.

Ошондой эле бул тоолуу аймакта айдоо жер жок болгондуктан, мал чарбачылык менен гана жан багышат.

Жашоочулар кенди иштетүүчүлөр жакында техникалары менен келишкенин, бирок аларды айылга киргизбей коюшканын белгилешүүдө.

Дагы бир тургун буга каршы чыккан активисттер менен жергиликтүү кеңештин депутаттарын коркутуп-үркүтүп, атүгүл алардын бирөө сабалганын белгиледи. "Жакында ал сабалгандан кийин дарылануу үчүн Бишкекке келген", - деди ал.

Тургундардын айтымында, иштетүүгө лицензияны "Уранкай Көал" компаниясы утуп алган.

"Биз Садыр Нургожоевичке кайрылып, лицензия берүүдөн мурун жергиликтүү тургундардын да, экологияны да эске алуусун суранабыз, - деди митингчилердин бири.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4903