"Эми жеке ташуучуларга көз каранды эмес".Кара-Кече көмүр кенине жүк ташуучу унаалар алынды
RU

"Эми жеке ташуучуларга көз каранды эмес".Кара-Кече көмүр кенине жүк ташуучу унаалар алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-декабрда энергетика министри Доскул Бекмурзаев "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына Кара-Кече көмүр кенине алынган жүк ташуучу унаалардын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, "Кыргызкөмүр" ишканасы тендер аркылуу он "Хово" жана бир "Нива" үлгүсүндөгү унаа сатып алган.

"Буга чейин өзүбүздүн техникаларыбыз жок болгондуктан, элди көмүр менен камсыз кылууда жеке ташуучуларга көз каранды болчубуз. Анткени "Кыргызкөмүрдө" "Хово" маркасындагы транспорт жок эле. Мындан ары бул көйгөйдөн кутулдук. Бүгүн он унаа сатып алдык. Келечекте ишкананын автопарктарын толуктоо боюнча пландарыбыз бар", - деди Бекмурзаев.

Министр ошондой эле быйыл Кара-Кечеден 800 миң тонна көмүр казылганын белгиледи. Былтыр 497 миң тонна өндүрүлгөн. "Кыргызкөмүр" былтыркыдан сегиз эсеге көп,188 миллион сом киреше тапкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4920