ОшМУнун ректору үгүт иштерине байланыштуу айыптоолордон кийин кайра ордуна келди
RU

ОшМУнун ректору үгүт иштерине байланыштуу айыптоолордон кийин кайра ордуна келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уруксатсыз үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн кызматынан бошотулган ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кайрадан кызматка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Бул дайындоо боюнча буйрукка 22-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

9-ноябрда министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Акылбек Жапаровдун чечими менен үгүт өнөктүгү учурунда ар кандай мыйзам бузууларга жол берген бир катар аткаминерлер жазага тартылганын билдирген.

Анын катарында студенттердин үгүт иштерине катышкандыгы үчүн ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, факультеттин деканы жана үч мугалим иштен алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4923