80 жаштагы киши изделүүдө. Маршруткага отуруп белгисиз тарапка кетип калган
RU

80 жаштагы киши изделүүдө. Маршруткага отуруп белгисиз тарапка кетип калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1942-жылы туулган Жээналы Парманасов изделүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.

23-декабрда Абдрахманов жана Жибек Жолу проспектисинен 344-маршруткага түшүп, Киргшелк айылына карай кеткен. Ошондон бери анын кайда экени белгисиз. Ал адашып калышы мүмкүн. Так эмне кийип жүргөнү белгисиз. Болжолдуу түрдө күрмө, кочкул көк түстөгү жылуу спорттук шым, кочкул көк түстөгү көйнөк, кара свитер жана кроссовка кийип жүргөн.

Белгилери: бою 160-165 см, салмагы 65-70 кг, орто дене түзүлүштө. Чачы кыска, кыска сакалы бар.

Өзгөчө белгилери: башынын оң жагында кичинекей жараат бар.

Кимде ким маалыматка ээ болсо: 0554 75 97 59, 0755 07 47 20 телефондоруна кайрылыңыздар?

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4924