Бишкекте популярдуу маркадагы кургак сүттү тымызын өндүргөн цех аныкталды (видео)
RU

Бишкекте популярдуу маркадагы кургак сүттү тымызын өндүргөн цех аныкталды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кургак сүттү мыйзамсыз даярдап жана саткан көмүскөдөгү цех аныкталды. Бул тууралуу ЭККМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Бишкектин финансылык полициясы детективдик агенттик менен биргеликте Frima маркасындагы кургак сүттү ири көлөмдө өндүрүп жана саткан, көмүскөдөгү цехти аныкташкан.

25-январда борбор шаардагы базарлардын биринде контролдук сатып алуу жүрүп, анын алкагында көмүскө иш алып барган цех табылган. Алар антисанитардык шартта азык-түлүк продукциясын жасашкан, деп билдирүүдө жазылган.

Учурда бүтүндөй республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды таап чыгуу боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Жасалма продукцияны өндүрүү жана сатуу фактысын билгендер болсо, адамдын укугун бузуу жана бизнеске кысым көрсөтүү сыяктуу көрүнүштөр орун алса, администртивдик бут тосуулар же коррупциялык фактыларга күбө болсоңор ЭККМКнын түз байланыш телефон номерине кайрылсаңар болот, кыска номер: 1955

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/495