30-жыл чыдаган эми алты ай чыдагыла! Садыр Жапаров дагы бир аз күтө турууну суранды
RU

30-жыл чыдаган эми алты ай чыдагыла! Садыр Жапаров дагы бир аз күтө турууну суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды чагымчылдыкка алдырбай ал коррупция менен мыйзам чегинде күрөшүп баштаганча күтө турууга чакырды. 30-жыл чыдаган эми алты ай чыдагыла! - деген билдирүүнү Telegram-каналына жарыялаган.

"Мен бир күн жумушка чыга элекмин. Реформа баштала элек. 28-январь ант берүү күнүнөн кийин расмий ишке киришкенимден баштап, реформалар башталат. Жаңы өкмөт түзүлөт. Өкмөттүн жаңы структурасы болот. Апрель айында жаңы конституция кабыл алынат. Андан кийин жаңы мыйзамдар иштей баштайт."

Ошентип май-июнь айларына барып гана саясий процесстер бүтөт. Ошондон кийин гана коррупционерлерди мыйзам чегинде жок кылабыз. Ал эми бүгүн эле ар кайсы аймактарга жетип барып, мен коррупция менен күрөшүүчүмүн деп, эл арасына бүлүк салып, чагымчылдык кылып жүргөндөрдү токтоткула! - деп билдирүүдө жазылган.

Эске салсак, 28-январда Садыр Жапаровдун инаугурациясы башталат. Референдумдун жыйынтыгы менен өлкө президенттик башкаруу формасына өтөт. Конституциянын тиешелүү долбоору Конституциялык кеңеш тарабынан даярдалып, жакын арада Жогорку Кеңешке сунушталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/496