Кандайча? Долбоордун орус текстинде эки жолу президент болсо болот, кыргызчасында бир эле
RU

Кандайча? Долбоордун орус текстинде эки жолу президент болсо болот, кыргызчасында бир эле

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 17-ноябрда түнкүсүн Конституциянын долбоорун коомдук талкууга коюшкан. Сунушталган өзгөртүүлөр укук коргоочулардын жана юристтердин кооптонуусун жаратты. Бирок жарандардын эркиндигин жана укуктарын кой, тексттин өзү айран таң калууда.

Соцтармактардын колдонуучулары долбоордун орус тилиндеги жана кыргыз тилиндеги тексттерин салыштырып, принципиалдуу айырмачылыктарды табышкан.

Маселен, орус тилиндеги тексттин 57-беренесинин экинчи пунктунда "бир эле жаран эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт" деп жазылган. Башкача сөз менен айтканда, орус редакциясына ылайык, жаран бир же эки мөөнөт президент боло алат, бирок үч мөөнөт бою президент болуусу мүмкүн эмес.

Кыргыз тилинде ушул эле сүйлөмдүн мааниси такыр башкача. Ал жерде мындай деп жазылган "бир эле адам эки жолу президент болуп шайлана албайт", бул жаран бир эле жолу президент боло алат дегенди билдирет. Ошондо котормодо кетирилген ката анын маанисин принципиалдуу түрдо озгөртүп жатат.

Белгилей кетсек, нормативдик-укуктук акытлар тууралуу мыйзамга ылайык, Конституциянын жана башка нормативдик-укуктук акылардын мамлекеттик тилде жана расмий тилдеги тексттеринде эки анжы түшүнүк болсо, мамлекеттик тексттеги тексти түп нускасы болуп саналат.

Автор:

Айдана Абдуваитова

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4