"Манас" аэропортунда эки күндөн бери БАЭге уча албагандар ызы-чуу жаратып жатышат. Видео
RU

"Манас" аэропортунда эки күндөн бери БАЭге уча албагандар ызы-чуу жаратып жатышат. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маалыматты окурман Call-борборго жөнөткөн.

"Биз Flydubai авиакомпаниясынан жапа чегип жатабыз. Буга чейин рейсибиз эки жолу жылдырылды, "Манас" аэропортунда эки күн болдук. Башка авиакомпаниялардын учактары туманга карабай, кечигүүсүз учуп жатышат. Балдары бар 300дөн ашык адам каттамдарын күтүп, күнүнө 300 доллардан ашык чыгым коротууда. Flydubai тумандан улам кийинкиге жылдырып жатканын айтууда. Анда, эмне үчүн башка учактар ​​учуп жатат? Бизге башка шаарларга да билеттерди алмаштырып бербей жатышат, мурун эле катталышыбыз керек болчу. Көбү дээрлик 2000 долларга саякатка билет сатып алышкан. Эми бул акчаларды эч ким кайтарып бергиси келбей жатат", - деп нааразы болду окурман.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5002