"Уулум менин үнүмдү укса экен деп тиленем". Кулагы укпаган баланын апасы жардам сурайт
RU

"Уулум менин үнүмдү укса экен деп тиленем". Кулагы укпаган баланын апасы жардам сурайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media'га Нурэлдин апасы Мирзат Сооронбекова кайрылды. Ал баласына 11 ай болгондо, кулагында көйгөй бар экенин байкай башташаган. Бирок карантиндин айынан диагностиканы өз маалында жасата алган эмес.

"Карантин бүтөөрү менен поликлиникага барып көрүндүк. Менин коркконум тастыкталды. Уулума эки тараптуу кулагы укпайт (двухсторонняя глухота) деген диагноз коюлду", - деп Мирзат айтып берди.

Мени жана жакындарын, дегеле бул дүйнөнү кохлеардык имплант коюлгандан кийин гана уга алат. Бирок ал импланты сатып алууга акчабыз жетишсиз.

Мирзаттын үч баласы бар. Нурэль кичүүсү, чоңдору мектепте окушат.

"Биз апалар, балдарыбызга оюнчук же таттуларды сатып бере албай калсак, өзүбүздү-өзүбүз жемелейбиз. Мен да улуу балдарым менен болгондо өзүмдү ушундай сезчү элем. Алар кудайга шүгүр, аман-эсен. Башкаларда бар нерсени алып бере албаганыма кейичү элем. Азыр эми андан да абалым начар - мен балама угуу сезимин сатып бере албай жатам, анткени имплант алып бергенге каражатым жетишсиз", - дейт ал.

Ушунчалык өзүмдү күнөөлүү сезем. Балаң муктаж болуп турган нерсени бере албагандык эң жаман экен. Эртерээк көрсөтсөм болмок экен, деп өзүмдү жемелейм. Бирок анын диагнозун эрте билгенимде деле эч нерсе кыла алмак эмесмин.

Азыр Нурэль бир жаш 10 айга чыгып калды. Дарыгерлер анын укпаганы тубаса кемтик деп божомолдоп жатышат.

"11 айында күмөн саноолорум күчөдү. Буга чейин деле башкача экенин байкачумун, бирок кулагында көйгөй бар дегенди ойлогон да жокмун. Мисалы эки-үч айында улуу балдарыбыз ойноп, ызы-чуу салса деле ойгончу эмес. Бала кезинен көнүп калган, же өзү эле тынч, деп койчумун", - деп Нурэлдин апасы айтып берди.

Бир да энеге мындайды каалабайм. Балаңдын келечеги күмөн болуп, өмүр бою укпай, көрбөй же инвалид коляскасында өткөрө турганын ойлонуу, элестетүү оор.

Нурэлдин оорусун билгенден кийин кохлеардык имплантты орнотуунун жолдорун издей баштадым. Мен сыяктуу башка энелер менен тааныштым.

"Атайын апалар үчүн интернет чат бар экен. Ал жерден бири-бирибиз менен сүйлөшүп, кеңешип, тажрыйбабызды бөлүшөбүз. Имплантты ортомчулар аркылуу эмес, оорукананын өзүнө барып орноткон оң деп айтышты. Анткени ортомчулар өзүнүн кызматы үчун кошумча акча алышат экен. Ошону менен ого бетер кымбат чыгып калат. А биз ар бир тыйыныбызды үнөмдөп жашайбыз", - дейт Мирзат.

Мирзат декретке чейин Шаардык клиникалык балдар ооруканасында медайым болуп иштеп келген (3-балдар ооруканасы). Жакында эле кайра жумушуна кайтып келди.

"Балдар менен үйдо отурганымда күйөөм жалгыз иштеп жатты. Ал тапкан каражатка беш адамдан турган үй-бүлөнү багыш керек болду. Ошондуктан кохлеардык имплантка жана аны орнотуу үчүн ооркунага кайрылууга акча чогултууга шартыбыз да болгон жок", - деди ал.

Өз алдыбызча да, тууган-тушкандардын жардамы менен да $15 миң чогулта албасыбызга көзүбүз жеткенде элге кайрылуунун чечтик. Бул кадамга аргасыздан барып жатабыз, анткени бул биздин акыркы үмүтүбүз. Тилегеним эле ошол: уулум үнүмдү угуп, сүйлөп баштаса экен.

Нурэлге апасынын үнүн угууга жардам берүүнү каалагандар 0709 36 32 86 "Элсом" номерине же Сбребанктагы 4817760307392559 Гулзат С жеке эсебине каражат которсо болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/501