Кыргызстан эс алуу боюнча алдыга чыкты. Мурдагы союздук өлкөлөрдүн рейтинги
RU

Кыргызстан эс алуу боюнча алдыга чыкты. Мурдагы союздук өлкөлөрдүн рейтинги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эң аз эс алган өлкө Түркмөнстан деп аныкталган, анын жашоочулары болгону үч күн үйдө болушат экен.

Кыргызстандыктар жаңы жылда эң көп эс алгандардын сап башында турат. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналында жарыяланган инфографикага таянып, Sputnik Кыргызстан агенттиги маалымдады.

Мурдагы союздук өлкөлөрдүн ичинен кыргызстандыктардай узак эс алгандар жок. Россиялыктар 9 күн үйдө болушат. Түштүк Осетия менен Абхазия эс алууну андан сырткары дагы эки күнгө жылдырган.

Эң аз эс алган өлкө Түркмөнстан деп аныкталган, анын жашоочулары болгону үч күн үйдө болушат экен.

Кыргызстандын министрлер кабинети мурдараак жаңы жылдык эс алууну 9 күн кылган чечим кабыл алган.

"2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күн 4-январдагы иш күнгө (тийиштүү түрдө 15-январь 4-январдын ордуна иш күнү болуп саналат), 26-февралдагы дем алыш күн 5-январдагы жумуш күнгө, 26-марттагы дем алыш күн 6-январдагы жумуш күнүнө жылдырылды", - деп айтылган маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5022