Январь айында адаттан тыш жылуу болот. Бул рекорддук көрсөткүч болушу мүмкүн
RU

Январь айында адаттан тыш жылуу болот. Бул рекорддук көрсөткүч болушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Синоптиктердин көп жылдык маалыматына ылайык, Бишкек шаарында январь айынын орточо температурасы -2,7°С. Ал эми эң жогорку температура былтыр +20 градуска чейин жеткен. Бул жылы январь айында андан да жылуу болушу мүмкүн.

Узак мөөнөттүү байкоолордун архивдик маалыматтары Россиянын аба ырайынын pogodaiklimat.ru сайтында көрсөтүлгөн. Кыргызстандын борборунда өткөн жылдардагы январь айында аба ырайынын температурасынын кандай рекорддору болгонун карап көрөлү.

Эң суук январь айы

Бишкекте эң суук январь айы 1969-жылы болгон: орточо айлык температура -12 градус.

Эң жылуу январь айы

Синоптиктердин архивдик маалыматтары боюнча Бишкекте эң жылуу январь айы 1976-жылы болгон. Орточо айлык температура ошол жылы +1,6°C болгон.

Январдын эң төмөнкү температурасы

1969-жылдын 28-январында айдын температурасынын рекорду катталган - бул күнү термометр -31,9га чейин төмөндөгөн. Ошол жылдын биринчи кыш айы Бишкектин тарыхындагы эң суук болуп эсептелет.

1956-жыл да катаал жыл болгон - анда дээрлик бир жума бою, 4-9-январда суук болгон:

  • 4-январда -26,2°С;
  • 5-январда -28,3°С;
  • 6-январда -29,3°С;
  • 7-январда -30°C;
  • 8-январда -30°C;
  • 9-январда -25,1°С.

Январдын эң жогорку температурасы

1921-жылдын 16-январында +20 болгон! Эртеси, 18-январда, +16,1 болду.

Эске сала кетсек, Кыргызгидромет быйыл январь айында демейдегиден жылуу болорун белгилеген. Демек, 2022-жылдын январь айы да рекорддук жыл болуп калышы толук мүмкүн.

2007-жылдын январь айынын аягында адаттан тыш жылуу күндөр болгон:

  • 29-январь +17,6°С;
  • 30-январь +19,2°С;
  • 31-январда +18,2°С.

2021-жылдын декабрь айында аба ырайы кандай болду

Декабрдын орточо айлык температурасы -1,1°С. Ал эми нормадан өйдө + 4,5 ° болду.

Абанын эң төмөнкү температурасы 17-декабрда -7,8°С болсо, эң жогорку температурасы 2-декабрда +23,7°С.ка жеткен. Ошентип, 2021-жылдын декабрь айы рекорддук жыл болду! Синоптиктердин архивдик маалыматтары боюнча 1971-жылы 15-декабрда болгону +23,3 градус болгон.

Декабрдын ар бир суткасындагы абанын температурасы жана жаан-чачыны:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5029