Курсан Асанов камакка алынды. Алдын ала берилген маалымат боюнча ИИМди басып алганы үчүн
RU

Курсан Асанов камакка алынды. Алдын ала берилген маалымат боюнча ИИМди басып алганы үчүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин мурунку орун басары Курсан Асанов камакка алынды. Бул маалыматты Kaktus.media'га анын адвокаты Икрамидин Айткулов тастыктады.

Анын айтымында, Асанов КРдин Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүмү "Имараттарды жана курулуштарды басып алуу" негизинде шектелүүдө.

Анын божомолунда октябрь окуялары учурунда ИИМдин имаратын басып алгандыгы боюнча иш козголуп жатат.

Адвокат Асановду ИИМдин тергөө кызматы камакка алып, Бишкек ШИИБсинин убакытлуу кармоочу жайына жеткиргендигин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/502