Алты баланы кыйналып тарбиялаган Назира эсиңиздеби? Ал эки кабаттуу үй сатып алды (видео)
RU

Алты баланы кыйналып тарбиялаган Назира эсиңиздеби? Ал эки кабаттуу үй сатып алды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мындан үч жыл мурун Kaktus.media Назиранын окуясын айтып берген. Анда ал 28 жашта эле, жалгыз өзү алты баланы жакырчылыкта багып чоңойткон. Балдарынын документтери жок болгондуктан жөлөк пул албай жашаган.

Материал жарыялангандан кийин камкор адамдар ага Кара-Балта шаарынан чакан үй алып берип, шаардык мэрия акчалай жардам көрсөтүп, Жайыл районунун прокурорлору аялды балдары менен бир нече жыл колдоп келишкен. Документ иштерине, жөлөкпул алууга да жардам беришти.

Азыр Назира 31 жашта. Ал жакында эле эки кабаттуу үйүнүн ипотекасын төлөп бүткөн.

Мурунку окуясы

Назираны жаш эле ала качкан

Анда атасы тирүү болгонун, аны ала качып кеткенде ошол атасы калтырып койгонун айтат. Бирок, өзү да каршы болбогонун, анткени барган үйүнөн чыгып кетүү өтө уят нерсе деп тарбияланып калганын белгилейт. Анын үстүнө ал кезде эч кандай мыйзамды билчү эместигин кошумчалады.

Ал экинчи класска чейин эле окуган. Ата-энеси колунда жок болгондуктан башка жака көчүп кетүүгө туура келип, ошондон кийин окубай калганын айтат Назира.

Анын айтымында жолдошу да жакыр үй-бүлөдөн болгон. Бул никеде Назира эки бала төрөгөндөн кийин, жолдошу каза болуп калган. Ал эми Назира экинчи жолу турмушка чыккан.

Экинчи никеде дагы төрт бала төрөдүм. Бирок экинчи жолдошум бизди таштап кетти. Анда-санда гана келип балдарга таттууларды таштап кетчү. Жайкысын талаада иштеп, колумдан келишинче акча тапчумун.

Назиранын жашоосу кандай өзгөрдү

Анан ММКлар Назир жөнүндө чагылдырып, кайрымдуу адамдар аялга жана анын балдарына жардам берүүнү башташкан.

Назиранын биринчи үйүн аттарын атагысы келбеген үч адам сатып алышкан.

Назира азыр мал багууну пландап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5048