Коргоо министрлиги: Кыргыз аскерлери Алматынын борборунда деген маалымат чындыкка коошпойт
RU

Коргоо министрлиги: Кыргыз аскерлери Алматынын борборунда деген маалымат чындыкка коошпойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дождь" телеканалы өз кабарчысына шилтеме жасап, Алматынын борборунда Кыргызстандын десанттык-шабуучу күчтөрү турганын билдирген.

"Шаардын борборунда Кыргызстандын десанттык чабуулу жайгашкан. Көчөлөрдө күйүп кеткен жарандык да, аскер да унаалар көп. Журналист чет жакта жашагандардын тамак-аш сатып ала турган жери жок экенин, бир гана жолу тамак-аш табуу үчүн – талап-тоноо гана керек", - деп жазат басылма.

Анын пикиринде, президенттин кырдаал турукташып баратат деген билдирүүлөрү таң калыштуу. Бул такыр эле стабилдүүлүккө окшобойт. "Шаарда абсолюттук башаламандык өкүм сүрүүдө. Алматыда чыныгы анархия өкүм сүрүүдө. Ал эч кандай көзөмөлгө алынган эмес. Жарыктары жаркыраган сегиз унааны көрдүк. Алматыда патруль иштери башталды", - деп кошумчалаган журналист.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Учурда КР Куралдуу күчтөрүнүн тынчтыкты сактоочу аскердик континенти Кыргызстандын аймагында. Алар Казакстанга учуп кетүүгө даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5080