Садыр Жапаров кайсы өлкөлөр менен мамилелерди өркүндөтүүгө даяр? Тизме
RU

Садыр Жапаров кайсы өлкөлөр менен мамилелерди өркүндөтүүгө даяр? Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 28-январда Садыр Жапаровдун инаугурациясы өттү. Эл алдына чыгып айткан сөзүндө ал "тынымсыз экономикалык өнүгүү, маданиятынын кайра жаралуусу жана туруктуулугу башка мамлекеттер менен мамилелерди өнүктүрүүдөн көз каранды" экенин белгиледи.

Садыр Жапаровдун айтымында, биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт.

Бул эгемендүү Кыргызстан Америка, Европа жана Азия өлкөлөрү менен кызматташууга умтулат, дегенди түшүндүрөт.

Андан тышкары, "Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Евразиялык Экономикалык Союз, Түрк мамлекеттер Кеңеши жана башка эл аралык уюмдарда эл аралык милдеттенмелерин татыктуу улантат деп ишендирем.", - деп айта кетти.

Ал эми төмөнкү мамлекеттер менен кызматташуусу боюнча өзүнчө белгилеп өттү.

Россия

Бул мамлекет тууралуу Садыр Жапаров өзүнүн алгачкы сөзүндө айта кетти. Эске салсак, Жапаровдун президент катары алгачкы чет өлкөгө болгон иш сапары так ушул өлкөдөн башталат.

"Кыргызстандагы саясий окуяларга кылдат байкоо салып, олку-солку кылган окуяларга чын дилден кабатырлануусун билдирген, оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Орусияга, терең ыраазычылык билдиребиз."

Өзбекстан менен Казакстан

"Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турушса да кыргыз калкына ак дилден көмөк көрсөтүүгө ашыккан коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюуга болбойт. Бул өлкөлөр менен тамырыбыз менен тарыхыбыз да жалпы, тагдырыбыз да жалпы. Демек, стратегиялык өнөктөш бул өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо, экономикалык жана маданий байланыштарды улантуу - тышкы саясатыбыздын приоритети."

Түркия

"Стратегиялык өнөктөш бул өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо, экономикалык жана маданий байланыштарды улантуу - тышкы саясатыбыздын приоритети. Бул саптагы мамлекеттердин катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн жана Түркияны кошо кетүүнү туура көрөм."

Кытай

"Дүйнөлүк саясатта жана экономикада ойногон ролу күн санап өсүп жаткан улуу коңшубуз Кытай Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына эң жагымдуу таасирин тийгизүүнү улантат деп ишенебиз. Көп кылымдык коңшулук алаканы өз ара пайдалуу кызыкчылык үчүн колдонууга умтулуп, ал тажрыйбаны улам арттырып, жылдан-жылга байытып жүрүп отурушубуз керек."

Америка

Садыр Жапаров "Эгемен Кыргызстан Америка, Европанын жана Азиянын мамлекеттери менен өз ара урматтоонун негизинде кеңири кызматташууга умтулат", - деп айтты, кеп Америка Кошмо Штаты тууралуу болуп жатса керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/509