Депутат кесиптештерине: Кабинеттин бир мүчөсү коркутуп кетти, силер унчуга албадыңар
RU

Депутат кесиптештерине: Кабинеттин бир мүчөсү коркутуп кетти, силер унчуга албадыңар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин төрага орун басарлыгына талапкерлерге кайрылды.

Парламенттин 12-январдагы жыйынында ЖКга "министрлер кабинетинин бир мүчөсү" келгенин айтты.

"Кагып-силкип, коркутуп-үркүтүп кетти. Бирок бир дагы депутат ага эч кандай сөз айткан жок. Ошондуктан мен айткым келет, бул жерге өкмөттөн же башка жактан бирөө келип, регламентти бузуп, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп жаткан болсо, урматту төрага жана эми шайланчу орунбасарлар, аларды оордуна коюп коюу силердин милдетиңер",- деди Мадумаров талапкерлерге кайрылып.

Ал министрлер кабинетинин бул мүчөсү Нуржигит Кадырбеков менен айтышканын өзүнчө белгиледи.

Эске сала кетсек, вице-спикерликке талапкерлер:

  • Ишеним - Нурбек Сыдыгалиев;
  • "Ата Журт Кыргызстан" - Жамиля Исаева;
  • "Элдик" депутаттык тобу - Нурланбек Азыгалиев;
  • бир мандаттуу депутат - Улан Примов (Алай району).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5129