Анжелика: Эч ким акча чогулткан жок! Менин атыман каражат чогултуп жатат деген жалган
RU

Анжелика: Эч ким акча чогулткан жок! Менин атыман каражат чогултуп жатат деген жалган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Анжелика Instagram баракчасы аркылуу катталуучуларына кайрылып, анын дарылануусу үчүн эч жака акча жөнөтүүнүн кереги жок экенин айтты. Ырчынын айтымында, анын менеджери элден акча чогултуп жатат деген жалган маалымат тарап кеткен.

"Эч ким акча чогулткан жок! Эч кимге акча салбаңыздар", - деп жазды.

Ошондой эле ырчы айым кыздарынын абалы тууралуу да айтып берди.

"Үч кызым үч башка ооруканада. Айлиним экөөбүз колубузду бекем кармашып, бири-бирибизге жардам берип жатабыз. Элимамды көрүп биринчи жүрөгүм түшкөн. Бир бети көк ала, башы шишиген, жаным. Белим чачырап жатса да кыйкыра албадым, кыздарымды коркутуп алам деп корктум. Аябай чыдамкай кыздарым өсүп келе жатыптыр. Аман болгулачы ананайындарым. Айымкамдын колу, буту, бели сыздатып жатат. Жаным. Мен үчүн барыңар кичинекейсиңер", - деп ал сторисине бөлүштү.

Кыздарым менен бир аз убакытка гана видео аркылуу сүйлөшүүгө уруксат берип жатышат. Түнү менен кыйналып жатабыз, деп билдирди.

Андан тышкары ал авария болгон жердин сүрөтүн чыгарып: "Жолдун жанындагы бак-дарактардын эмне кереги бар", - деген суроо узаткан.

Эске салсак, Анжелика 23-январда эртең менен Караколдон Бишкекти көздөй кайтып келатып аварияга түшүп калган. Рулда анын курбусу болчу. Машинеде Анжелика жана анын үч кызы бар эле. Жол тайгак болгондуктан Балбай айылынын тушунан ырчынын Lexus-570 унаасы жолдон чыгып кеткен. Авариянын айынан Анжеликанын 6 жашар кызы Айлин эки бутун сындырып алган. Бардыгы Түп аймактык ооруканасына жеткирилип, биринчи медициналык жардам алышкан. 24-январда Бишкекке жеткирилип, ырчыга жанан анын кичүү кызына операция жасалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/514